БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кыргызстандыктардын Чеченстанга курал-жарак жөнөтүүсү боюнча иште Теңгиздин агасы Чыңгыз Сыдыковдун да аты аталууда. Бул тууралуу Вирджиния штатынын Чыгыш округунун прокуратурасына таянуу менен Коммерсантъ гезити жазып чыкты.
Эскерте кетсе, 27-февраль күнү полиция Кыргызстандын эки жаранын Вашингтондо мыйзамсыз курал-жарак сатууга жана аткезчиликке айыптап колго түшүргөн. Маалыматка ылайык, 28 жаштагы Теңгиз Сыдыков менен 27 жаштагы Элдар Резванов камакка алынган.
Далил маалыматтарды сотко аталган ишти башынан бери иликтеп келе жаткан АКШнын Ички коопсуздук агенттигинин атайын агенти Майкл Гручаш берген. Отчетто КР жараны Теңгиз Сыдыков АКШ жарандыгын алуу үчүн арыз жазганы айтылат. Ал эми Элдар Резванов качкын катары АКШдан башпаанек сураган казакстандык жаран болуп чыкты. Материалда Теңгиздин бир тууган агасы Чыңгыз Сыдыковдун да аты аталат. Сүйлөшүү үчүн алар Gmail почталарын пайдаланган.
Гручаш шектүүлөрдүн Glock тапанчаларынын ар кыл үлгүсү үчүн айрым бөлүктөрүн жана ок-дарысын сатып алганын баштан аяк иликтегенин билдирди. Буга жалпы жонунан 5 миң доллар сарпталган. Прокуратура, мындан тышкары, 2017-жылдын май айында Теңгиз Сыдыков 17 жана 19 үлгүсүндөгү 24 Glock тапанчасын сатып алганын маалымдады. Жалпы жонунан сатып алган тапанчалардын саны 64кө жеткен.
Камакка алынгандар АКШнын курал-жарак экспорттоо боюнча мыйзамын бузуу, өлкөдөн контрабандалык товарды алып чыгуу, электрондук коммуникация каражаттарын пайдалануу менен жасалган шылуунчулук боюнча айыпталууда. Эгер шектүүлөрдүн күнөөсү далилденсе, ар бири 20 жылдан эркинен ажыратылат.