ЖК депутатынын кармалышы: казак тарап Башкы прокуратуранын сурамына жооп берди

Казакстандагы атайын иш-чаранын жүрүшүндө кармалган Кыргызстандын үч жараны экономикалык аткезчилик, трансулуттук уюшкан кылмыштуу топту түзүү, жетектөө беренелери боюнча айыпталууда.
Sputnik

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Казакстандын Башкы прокуратурасынан Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун кармалышы боюнча Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын сурамына жооп келди. Бул тууралуу башкы көзөмөл органдын маалымат кызматы билдирди.

"15-февралда жүргүзүлгөн атайын иш-чаранын жыйынтыгында аткезчиликке тиешеси бар делген кишилер кармалган. Алардын ичинде Асылбек уулу Дамирбек, Улан Мурадилов, Чыңгыз Абакиров болгон. Камакка алынгандардын аракети Казакстандын Кылмыш жаза кодексинин 234-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (экономикалык аткезчилик) жана 264-беренесинин 2-бөлүгү (трансулуттук уюшкан кылмыштуу топту түзүү, жетектөө) боюнча айыпталууда. Ошол эле күнү Алматы шаарынын Алмалы райондук соту аларды эки айга камаган", — деген жооп келгенин маалымат кызматы белгиледи.

Учурда кылмыш иши боюнча ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.

Казакстанга Азиядан күмүш алып берген депутат Дамирбек Асылбек уулу тууралуу 7 факты
Белгилей кетсек, 15-16-февраль күндөрү Казакстандын күч органдары коррупцияга каршы жүргүзгөн операцияда тогуз бажы постунда мыйзамсыз аракеттерди жүргүзгөн сегиз кылмыштуу топ жок кылынган. Кармалгандардын ичинде Кыргызстандын үч жараны болгон, алардын бири ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу болгонун ТИМ тастыктаган.

Ал эми Дамирбек Асылбек уулу Казакстандын жараны экени айтылган нота Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине келип түшүп, кийин депутаттын "трансулуттук кылмыштуу топтун башчысы" экени белгиленген

Эки мамлекеттик тышкы иштер министрлери Эрлан Абдылдаев менен Кайрат Абдрахманов Будапештеги жолугушууда Дамирбек Асылбек уулунун кармалышы жана жарандыгы боюнча пикир алышкан.