Жылмайган Турганбаев, сүрөөнү күч ирандыктар. Азия чемпионатынын ачылышы сүрөттө

Sputnik

Азия чемпионатынын экинчи күнү. Учурда эмне болуп жатат?
Кечээ, 27 февралда, Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайда Азия биринчилигинин расмий ачылышы болду. Иш-чарага өкмөт башчы Сапар Исаков, мамагенттик мүчөлөрү жана Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) өкүлдөрү катышты.

Андан соң финалдык беттешүүлөргө старт берилди.

Чемпионаттын экинчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча курама командадан Акжол Махмудов (72 кг) менен Атабек Азисбеков (82 кг) финалга чыкты.

1 / 18
Азия чемпионатынын расмий ачылыш салтанаты Курмангазы Азыкбаевдин музыкалык номери менен башталды
2 / 18
Премьер-министр Сапар Исаков сөз сүйлөп жатат. Сүрөттүн оң капталында Күрөш боюнча Азия кенешинин президенти Даулет Турлыханов, Дүйнөлүк күрөш уюмунун вице-президенти Ахрол Рузиев, ал эми сол жакта Мамагенттиктин башчысы Канат Аманкулов жана Күрөш федерациясынын вице-президенти Мелис Турганбаев
3 / 18
Бул кишинин ууртунан чанда гана күлкү көрүнөт... КРдин күрөш федерациясынын вице-президенти Мелис Турганбаев
4 / 18
55 кг салмак ченинде коло медаль үчүн казакстандык Корлан Жаканша менен индиялык Ли Жуо күрөшүп жатат. Чейрек финалда кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков казак балбаны Жаканшаны жеңип алган
5 / 18
Коло медалды утуп кеткен казак балбаны Корлан Жаканша атаандашын жубатып жатат. Бул — спорттогу сый.
6 / 18
Жоламан Шаршенбеков алтын медаль үчүн япониялык Шота Танакура менен таймашып жаткан кез
7 / 18
Тилекке каршы, Шаршенбеков атаандашына 4:5 эсеби менен утулуп калды. Ортодо бир эле упай айырма!
8 / 18
Кыргызстандык Урмат Аматов Азия чемпиону наамы үчүн өзбекстандык Элмурат Тасмурадовго каршы турду
9 / 18
Тыныгуу учуру. Аматовду грек-рим күрөшүнүн башкы машыктыруучусу Азат Эркимбаев сүлгү менен желдетип жатат
10 / 18
Алтындан куру кол калдык. Өзбек мушкери Тасмурадов Аматовду 8:0 эсепби менен жеңип, 63 килограмм салмактагылар арасында Азияда биринчи аталды.
11 / 18
"Жоламан азаматсың, баары алдыда!" деп балбанды көрүүчүлөр сүрөп жатты. Ал болгону 18 жашта, биринчи жолу чоңдор арасында күч сынашты.
12 / 18
55 кг салмактагылар арасында Азия чемпиону япониялык Шота Танакура, күмүш медаль ээси Жоламан Шаршенбеков жана коло байге тагынган казакстандык Корлан Жаканша менен индиялык Кумар Раджендра
13 / 18
Дем алууну дагы көз жаздымга калтырбаган калыс... Болбосо бир упай дагы жеңиш алып келет
14 / 18
Килемге баары утам деп чыгат
15 / 18
Кыргыз балбаны Азат Бейшебеков коло байге үчүн казакстандык Хуссейн Мутсолгов менен тирешип жатат
16 / 18
Сүйүнгөндөн түйүлгөн муштум! Азат Бейшебеков — Азия чемпионатынын коло байге ээси
17 / 18
Ирандыктар спортчуларына өзгөчө күйөрмандык кылып жатышты. Кыйкырып, сүрөөнгө алып, анан да бир куплеттен ырдап жатышты
18 / 18
Мурат Рамонов (130 кг) коло байге үчүн беттеште казакстандык Антон Савенкону жеңип алды