Пакистандын айрым аймактарында оюнчук тапанча сатууга тыюу салынды

Тыюу салуу демилгесин полиция сунуштаган
Sputnik

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Пакистандын Синд провинциясында оюнчук автомат жана тапанчаларды сатууга тыюу салынды. Бул тууралуу Express Tribune басылмасы билдирди.

Кыргызстанда желим баштыктарга тыюу салган мыйзам долбоору сунушталды
Маалыматка ылайык, оюнчук тапанчаларды жасоого, сатууга, сатып алууга жана эл көп чогулган жерлерде ойноого болбойт.

Мындай чечим полиция оюнчук курал-жарак менен тоноо, каракчылык аракеттери болушу ыктымалдыгын жүйө келтирип ички иштер департаментине кайрылгандан кийин кабыл алынган.

Полиция ошондой эле оюнчук тапанча менен ойноо балдардын психикасын бузуп, олуттуу өзгөрүүлөргө алып келерин айткан.