Кыргызстандык спортчу биринчи жолу фехтование боюнча Азия чемпиону болду

Буга чейин Кыргызстандын атынан чыккан россиялык легионер Роман Петров Азия биринчилигин багындырган
Sputnik

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Фехтование боюнча кадеттер арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык спортчу Хасан Баудунов алтын медаль тагынды. Бул тууралуу аталган федерациядан кабарлашты.

Чемпионат Азии по фехтованию

Дубай шаарында 24-февралда башталган турнир 4-мартта жыйынтыкталат.

Баудунов кылыч менен чабышууда эки япониялык жана бир индиялык спортчуну жеңип, чечүүчү мелдеште кытайлык спортчуну 15:9 эсебинде утуп алды.

Канат Аманкулов: күрөш спортуна мамлекет жакшы каражат бөлөт
Маалыматка ылайык, ата мекендик фехтование спортунун тарыхында биринчи жолу кыргызстандык шпажист кадеттер арасында Азия чемпиону аталды. Буга чейин россиялык легионер Роман Петров Азия биринчилигин багындырган.

Мындан сырткары, мелдеште Абдыл Хамитова сегизинчи орунга, Бактыбек кызы Билим 31, Меруерт Качкынбаева 46-орунга ээ болду.

Ал арада Бишкекте ММА боюнча калаа биринчилиги өтө тургандыгы айтылды.