Көчмөндөр оюнуна япониялык сумочулар чакырылды

Япониядагы кыргыз элчиси менен өлкөнүн Сумо федерациясынын төрагасы жолугуп, кызматташуубагыттарын талкуулады
Sputnik

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Сумо боюнча япониялык спортчулар Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндарына катышуусу мүмкүн. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

КРдин Япониядагы элчиси Чыӊгыз Айдарбеков өлкөнүн Сумо федерациясынын төрага орун басары Казуфуми Минами менен жолукканда бул тууралуу сөз болгон.

"Сүйлөшүүнүн алкагында тараптар сумо күрөшчүлөрүнүн Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндарына катышуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Минами эки өлкөнүн федерацияларынын ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү маселелерин координациялоо жана КРдин спортчуларын Японияда даярдоо боюнча биргелешип иш алып барууга кызыккандыгын билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Көчмөндөр оюндары качан башталып, канча спортчу катышары такталды
Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюну кандай кандай өзгөчөлүк менен өтөрү тууралуу анын катчылыгынан айтып беришти.

Оюндар 2018-жылдын 2-сентябрында башталып 8-сентябрда аяктайт. Ачылыш аземи Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо өтүп, мелдеш улуттук спорттун 36 түрү боюнча болот. Ага дүйнөнүн 80ден ашык өлкөсүнөн 3000дин тегерегинде спортчу катышат. Иш-чараны чагылдыруу үчүн 50 өлкөдөн 500гө жакын ЖМК өкүлдөрү чакырылмакчы.