Бусурманкул айыгышкан кармашта атаандашын утуп алды. Россиядагы беттештин видеосу

Аралаш мушташ боюнча турнир кечээ, 22-февралда Мосвкадагы олимпиадалык спорт комплексте өттү.
Sputnik

Кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдубаит уулу М-1 Global Ghallenge 88 турниринин алкагында россиялык атаандашын жеңип алды. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий YouTube каналы жарыялады.

WEF Global 11 турниринде кимдер кыл чайнашат? Мушкерлердин файткарды
Кыргызстандык мушкер М-1 Global уюмунун мурдагы чемпиону Максим Дивнич менен беттешип, үчүнчү раундда калыстардын бирдей чечими менен жеңүүчү деп табылды.

Комментаторлордун баамында, Абдубаит уулу менен Дивнич көрөрмандарга турнирдеги эң эле айыгышкан беттештердин бирин тартуулап, эки мушкер тең партерге караганда бокстун ыкмалары менен көбүрөөк иштешкен.

"Дивнич биздин уюмдун мурдагы чемпиону, анын колу сокку урууга жакшы көнүккөнүн билебиз. Ал оңой менен кыргыз спортчусуна ордун берип койбойт. Бирок Бусурманкул да оңой мушкер эмес. Ал грэпплингдин чебери экенине карабай, таамай соккуларды узатып жатты. Эки мушкер үч раунд тизе бүкпөй иштешти. Көрөрмандар ушундай беттешке суусап турган," — деп сыпатташты алар.

Тайбоксчу Жаныбек Бейшебек уулу эми эрежесиз урушта күчүн сынайт. FFC тизмеси
Беттештин соңунда калыстар тобу кыргызстандык спортчуга атаандашы Дивничке карата чабуулду көбүрөөк жасаганы үчүн жеңишти ыйгарышкан.

Эске сала кетсек, Абдубаит уулу М-1 Global спорттук уюму менен эки жылга келишим түзгөн. Бул спортчунун келишимден кийинки биринчи беттеши болду. Ага чейин ушул эле уюмда эки жолу таймашка чыгып, биринде тең чыкса, экинчисинде бразилиялык Диего Давеллону утуп алган.

Бусурманкул Абдубаит уулу тууралуу кененирээк маалыматты Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги даярдаган маектен окуңуздар.