Олимпиада-2018: кыргызстандык спортчулардын качан кайтары белгилүү болду

Кийинки кышкы оюндар 2022-жылы Кытайдын Пекин шаарында өтмөкчү
Sputnik

ПХЁНЧХАН, 22-фев. — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар Түштүк Кореяда өтүп жаткан кышкы Олимпиада оюндарындагы мелдешин жыйынтыктады. Бул тууралуу спортчу баяндамачы Кабыл Макешов жеринен билдирди.

1 / 3
Кыргызстандык спортчулар Түштүк Кореяда өтүп жаткан кышкы Олимпиада оюндарындагы мелдешин жыйынтыктады
2 / 3
Эскерте кетсек, 9-февралда башталган оюндарга Кыргызстандан Тариэл Жаркымбаев менен Евгений Тимофеев барган
3 / 3
Пхенчхан Олимпиадасы 25-февралда аяктайт.

Паралимпиадачы Жыргалбек Оросбаев Дүйнө кубогунда күмүш тагынды
Эскерте кетсек, 9-февралда башталган оюндарга Кыргызстандан Тариэл Жаркымбаев менен Евгений Тимофеев барган. Жаркымбаев 13-февраль күнү таймашка чыгып, лыжа тебүү боюнча спринтердик жарышта 80 спортчунун ичинен 78-болуп келди. Ал эми Тимофеев алгач 18-февралда күч сынашып, 109 лыжачынын ичинен 63-орунду ээледи. 22-февралда өткөн таймашта 68 атаандашын артка калтырып, 40 мыкты спортчунун катарынан орун алды.

Макешовдун айтымында, кыргызстандык спортчулар 26-февраль күнү мекенине кайтат. Бүгүнкү жарышка аларды колдоп Кореянын Кенсанбук-до провинциясынын жетекчилери жана ал жакта жашаган кыргызстандыктар келип, Жаркымбаев менен Тимофеевге жана машыктыруучу Игорь Борисовго белектерин тапшырган.

"Провинциянын спорт департаментинин жетекчи орун басары Пак Ею жана 15ке чукул кыргыз келип, жарышка чыккан спортчуну колдоп жатышты", — деди ал.

Пхенчхан Олимпиадасы 25-февралда аяктайт. Ал эми кийинки кышкы оюндар 2022-жылы Кытайдын Пекин шаарында өтмөкчү.

Баса, быйылкы Олимпиаданын ачылышында спортчулар кийип чыккан кыргыздын калпагы көпчүлүктү тамшанткан.