Бишкек ТЭЦиндеги авария мекемени 54 млн. сомдук чыгымга учураткан

"Кыргызгидромет" январь айынын орточо температурасы -3,6 градус суук болот деп божомолдогон. Бирок ошол айдагы орточо температура -6,2 градуска жеткен
Sputnik

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Январь айынын аягында Бишкек ТЭЦинде болгон авариянын кесепети алдын ала эсептөөлөр боюнча мекемени 54 миллион сомдук чыгым тарттырган. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда "Бишкекжылуулуктармактары" ААКтын баланс жана анализ бөлүмүнүн башчысы Аида Абасбекова билдирди.

Анын айтымында, бул беш күн ичиндеги гана чыгым. Ал эми февраль айындагы эки күндүкү эсептелип жатат.

ТЭЦтеги аварияга күнөөлүүлөр айтылып, кызматтан алуу сунушталды
"Бишкекжылуулуктармактары" ААКтын коммерциялык маселелер боюнча башкы директорунун орун басары Нурлан Кайдуев жылуулукту эсептөөдө сырттагы аба ырайы дагы эске алынарын айтты.

"Кыргызгидромет" январь айынын орточо температурасы —3,6 градус суук болот деп божомолдогон. Бирок ошол айдагы орточо температура —6,2 градуска жеткен. Андыктан жылуулук үчүн эсептөө былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда көп болгон.

Эскерте кетсек, 26-январь күнү кечинде Бишкек ТЭЦиндеги эски буу казандарга суу берген куур жарылганы айтылган. Кырсыктын кесепеттери 30-январда гана жөнгө салынып, шаардыктардын үйүнө жылуулук берүү калыбына келе баштаган.