Актер Чоро Думанаев: 10 жашымда кайра биринчи класска отургам

Өмүрүн чыгармачылыкка арнаган Чоро Думанаев 20га жакын тасмада, ондогон спектаклде мыкты ролдорду жараткан. Кыргызстандын эл артисти азыр дагы пайгамбар жашынан өткөнүнө карабай сахнада эмгектенип келет. Ар күнү театрга шашкан актер менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маек курду.
Sputnik

— Чыгармачылыктагы алгачкы кадамыңызды "Космонавттар көчөсү" тасмасынан баштаган экенсиз. Ага кандайча тартылып калдыңыз эле?

— Ооба, анда 10 жашта болчумун. Атам жакшылап окуп, бир кесиптин ээси бол деп айылдан Фрунзеге жиберген. Шаарда турган актер Асанкул Осмонов агамдыкына келип жашап калгам. Айылдан келген жаным орусча бир сөз билбегендиктен кайра биринчи класска отургам. Мектепте жалаң артист, жазуучу, мамлекеттик кызматкерлердин балдары билим алчу. Ошондо азыркы Фрунзе музейинин короосундагы эски театрда жашачубуз. Көчөдө ойноп жүрсөк "Комонавттар көчөсү" тасмасына балдарды издеп жүрүшүптүр, ошентип бир эпизодуна катышып калгам. Театрда дагы кичинекей балдардын ролун ойной берчүбүз. Эсимде, "Атанын тагдыры" спектаклинде үч баланын "ата, сүйүнчү!" деп кыйкырып келген жери бар, ошого кайра-кайра чыга берчүбүз. Ошентип аралашып жүрүп эле кызыгып кеттим. 

Народный артист Кыргызстана Чоро Думанаев

— Ошону менен эле киного тартылып, театрда ойноп калдыңызбы?

— Жок, кийин мектепти бүткөн соң курулуш техникумуна тапшыргам. Окуп жүргөндө "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасына тартылуу үчүн кетип калып, техникумдан чыгып кеттим. Анан "Уркуяда" роль жаратып, кийин "Көчө" фильминде башкы каарманды ойноп тушоом кесилди. Ошентип кино артынан киного тартылып, Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын студиясын бүтүрүп ал жакта иштеп калгам.

— Ата мекендик театр, кинематография гүлдөп турган кезде залкарлар менен чогуу иштедиңиздер, аларды сагынасызбы?

Алиман Жангорозова менен Сүймөнкул Чокморов. Залкарлардын таберик сүрөтү
— Сөзсүз да, бирок жашоо деген ушул экен. Ар бир адамдын өзүнүн учуру жана замандаштары болот турбайбы. Мен ошол мезгилдин корифейлери болгон Муратбек Рыскулов, Насыр Кытаев, Советбек Жумадылов өңдүү таланттуу инсандар менен иштештим. Алардын көбү жаш өтүп кетип, айрымдары толугу менен ачыла албай калды. Баары жөнөкөй инсандар эле. Бир кызык жери улуу артисттерди "байке" же "ата" деп айтчу эмеспиз. Кары-жашы дебей Рыскуловду "Муке", Кытаевди "Наске", Жумадыловду "Совоке", Тургун Бердалиевди "Туке" деп кайрылчубуз. Көрсө, театр менен кинодо ошондой экен да. Жада калса көрүүчүлөр дагы аты-жөнү менен чакырбай каармандарды ысымы менен айтышаар эле.

— Жыйырмадай тасмада роль жаратып, кийин 1990-жылдары тартылбай калган экенсиз. Ошол учурда эмне менен алек болдуңуз?

— Ал кезде маданият тармагы каралбай кеткен. Киностудия жабылып, кыргыз академиялык драма театры иштебей калган. Бирок ага карабай жумушка келип, айлыкты эптеп алып, радиого бир нерсе окуп берип турчубуз. Ал эми айыл жериндеги маданият үйлөрү мал камаган сарай болуп кете жаздаган. Чыгармачыл инсандар такыр эле унутта калганбыз, мына эми азыр кичинеден көтөрүлүп келе жатабыз. 

Народный артист Кыргызстана Чоро Думанаев

— Азыр өсүп келе жаткан жаш таланттар менен чогуу иштешип жатасыз. Алар боюнча эмнелерди айта аласыз?

— Бизден улуу актерлор "ордуңду баса тургандар барбы" деп сурап калаар эле. Ошондо менин курагымдагыларды көрүп "бар экен" деп кубанып калышчу. Мен дагы азыркы жаштарды көрүп аябай ыраазымын. Мыкты спектаклдерди жалаң жаш кыздар, балдар ийине жеткире коюп, эл оозуна алынып жатышат. Драматургия жагынан аксап жаттык элек, Кудайга шүгүр, Кайрат Иманалиев, Бактыгүл Чотурова кайра жандантууда.

1 / 3
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Чоро Думанаев жана актер Аскат Сулайманов. "Керээз" спектакли
2 / 3
Кыргыз эл артисттери Муканбет Токтобаев менен Чоро Думанаев. "Курманжан датка" спектакли
3 / 3
65 жаштагы актер учурда Кыргыз улуттук академиялык драма театрында эмгектенет

— Киного тартылууга чакыруулар болуп жатабы?

Кайрат Иманалиев: "Керээз" спектаклинин азыркы жетекчилер сабак алчу жери көп
— Болду, бирок барган жокмун. Азыр тасмалардын сапаты начарлап кетти. Бул иште эң негизгиси режиссерлук иш мыкты болушу керек. Анан алар өсөт, ушинтип такшалат деген дагы жарабайт. Мисалы, Болот Шамшиев, Төлөмүш Океев жана Геннадий Базаров бүткүл союзду дүңгүрөткөн тасмаларын студент кезинде эле тарткан. Жакшы фильм жаратуу үчүн биринчиден талант, анан чебер актёрлор жана чоң акча каражаты зарыл. Себеби кичинекей каражат менен бир кинонун өтөсүнө чыгуу кыйын.

— 65 жашка чыксаңыз дагы кино, сахнада азыркыга чейин роль жаратып келесиз, арманыңыз жок болсо керек?

— Кудайга шүгүр, жок. Кино жана театрда кичинекей баладан тарта ак сакалдарга чейин ойнодум. "Баланча образды жарата албай калдым" деген өкүнүч жок. Себеби бардык жанрда өзүмдү көрсөтө алдым деп ойлойм. Ден соолук болуп турса иштеп турганга эмне жетсин.