БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Өз жердештерин Кыргызстанга Афганистан жана Тажикстан аркылуу мыйзамсыз алып келген Пакистандын эки жараны Бишкектен кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Ага ылайык, кармалган жарандар жердешине Германияга кетүү үчүн Шенген визасын алып беребиз деп айтып, ал үчүн алгач Кыргызстанга келиши керектигин айтышкан.
"Өз жердешине карата чара көрүү үчүн Пакистандын жараны кайрылды. Ал Шенген визасын алып берем деп 9 миң доллар алган. Бирок визаны да, акчаны да кайтарып берген эмес", — деп айтылат милиция тараткан билдирүүдө.
Биринчи Май райондук укук коргоо органдары ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында Пакистандын эки жараны кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Милиция эгер кимдир бирөө бул адамдарга алданган болсо кабар берүүнү суранат.