Рактан айыккан 7 жашар кыздын чоң апасы: ооруну уулума угуза албай канча жүрдүм

Бүгүн, 15-февраль — рак оорусуна кабылган балдардын эл аралык күнү. Онкологиялык оорудан канчалаган ымыркай, наристе, жеткинчек жапа чегип, аны менен алышып келет. Айрымдардын ага күчү жетпесе, кээ бири оорудан как сакайып кетүүдө.
Sputnik

Ага мисал жети жаштагы Жаркынайым. Жеткинчек төрт жашында рак оорусуна кабылып, чоң энеси экөө оору менен бир жылдай алышып акыры жеңишкен. Кантип? Бул суроого жоопту Sputnik Кыргызстан агенттигине Жаркынайымдын чоң энеси Калбүбү Тыналиева берип, оңой эмес тагдыры тууралуу кеп кылды.

— Небереңиздин ракка чалдыкканын кантип билдиңиздер?

Эркектер боор рагына көбүрөөк кабылат. Себеби эмнеде?
— 2014-жыл. Анда неберем төрт жашта болчу. Бир күнү Жаркынайымдын температурасы тез эле көтөрүлүп кайра түшүп, шалдырай баштады. Башы же ичи ооруп жатабы десем, жок, башкача. Шайы кетип, шалдырап эле жатып калды. Айылдык ооруканага алып барсам "текшерип көрөлү" дешти. Бирок жүрөгүм жаман нерсени сезгенсип "бул башкача ооруп жатат" деп ата-энесине айтып кызымды шаарга алып жөнөдүм. Калаага келип "Жал" кичи районундагы Эне жана баланы коргоо балдар ооруканасына жатып калдык. 15 күндөн кийин анализин чыгарып, дарыгерлер аны рак экенин айтышты. Кулагым тунжурап, дендароо болуп туруп калдым. Өзүмдү кадимкидей таштап салдым. Баланын ичи ооруса эле канча бушайман болосуң, а бул жерде мен неберем коркунучтуу илдетке кабылганын уктум. Дүйнөм аңтарылып кетти. Жаркыраган жашообуз бир заматта караңгы түнгө алмашты. Неберемдин оорусун ата-энесине, өзүмдүн балама угузгандан корктум, дитим барбады. Айтор, ал кезди азыр эстегим да келбейт… Ооруканага жатканда журналисттер келип тартабыз десе качып, коруна баштадык. Өзүңдү экинчи сорттогу адамдай эле сезип калат экенсиң. Башында неберем менен кошо чөгүп, чүнчүп баратып, акыры өзүмдү колго алдым. Анын өмүрүн сактап, жашоо тартуулаш үчүн белимди бекем буудум.

— Эмнесинен рак экен?

— Лейкоз. Кан оорусу.

— Ата-энеси барбы?

— Уул-келиним бар. Эне да, мага билгизбей байкуш келиним канча ыйлады болду экен. Баарыбыз Жумгалда айылда турчубуз. Бирок Жаркынайым Бишкекке ооруканага жатыш керек болгондуктан "ата-энеси башка балдарын, айылдагы мал-жанды карасын" деп аны өзүм багууну чечтим. Анын үстүнө алар иштешет.

— Оору менен канча убакыт алыштыңар. Оңойго турбаса керек?

Ашказан рагын айыктырса болобу? Онкохирург оорунун себеби, алдын алуу тууралуу
— Илдет менен бир жылга чукул күрөштүк. 11 ай ооруканада жаттык. Ошол 11 ай 11 жылга тете болду окшойт. Ал кезди эстегим да келбей кетет. Химиотерапия, дары, ийне, капельница төрт жашка чыга элек кызым үчүн аябай эле кыйын болду. Тажайт, "дары ичпейм" деп ыйлайт, бирок чыдады. Мен ага ар дайым "биз сөзсүз айыгабыз, күчтүү бол" деп дем-күч берем да өзүм ага билгизбей көзүмдүн жашын төгүп алам. Бул ооруну дароо эле дарылап койбойт экен. Үйгө чыккандан кийин деле процедураларга барып жаттык. Жумгалда айылда тургандыктан азыр деле профилактикага шаарга келип турабыз.

— Оорунун себептерин дарыгер айттыбы? Мындай коркунучтуу дарт эмнеден пайда болот экен?

— Дарыгерлер "бул оору тукум куубайт" деди. Кызымдын ата-энеси, алардын ата-теги деле мындай илдетке кабылбаптыр. Эмне болгонун өзүм азыркыга чейин түшүнбөйм.

— Кызыңыз мектепке барабы?

— Ооба. Бирок мектеп жетекчилиги менен келишим түзүлгөн. Бирде барсак, бирде барбайбыз. Онкологиялык илдетке кабылган балдарга атайын борбор ачылат деп жатышат. Ал жактан кошумча билим берилерин угуп окуусунан санаам тынчып калды. Башында коркконубуздан баладан өзүбүз да корунуп калганбыз да. Анан кантип айыл апа, кошуна-колоң кетенчиктебесин. Кызымды сөөмөйү менен көрсөткөндөр да болгон. Бирок ал абалдан Кудайга шүгүр, чыктык. Коркунуч, ый, санаа артта калды. 

Девочка Жаркынай, которая переборола рак

— Онкологиялык ооруканада жаш балдар көп бекен?

— Ымыркайынан 17-18 жашка чыгып калган мектеп курагындагы балдарга чейин бар экен. Алардын кыйналып жатканын көргөндө "балдарга эмнеге оору берет" деп жүрөк жанчылып кетет. Көбүнчө аларды карагандар — энелер. Айланчыктап ар ким өз чүрпөсүнүн өмүрү үчүн күрөшүп жүрөт. Ооруканада, анын ичинен онкологиялык ооруканада жашап чыккандан кийин жашоого көз караш таптакыр өзгөрүп калат экен. Кудай балдарды оорутпасын. Ден-соолук тилеш керек экен. Башканын баары табылат турбайбы…

— Коркунучтуу дартты кантип жеңдиңер?

Гемодиализдеги балдар, "бөйрөгүмдү берем" деп карайлаган ата-эне...
— Башында мен деле аягы кандай болот, неберем жашап кетеби, качан айыгабыз деп ойлоп күнү-түнү уктабай калчумун. Санаа деген нерсе жеп салчу. Бирок мен өзүмдүн да, неберемдин да алдына "айыгабыз, айыгышыбыз керек" деген милдет койдум. Бассам-турсам анын амандыгын, өмүрүнүн узундугун тиледим. Мен рак оорусуна кабылган балдардын ата-энесине айтаар элем. Чөкпөгүлө, өзүңөрдү өзүңөр кармагыла. Ишенич болсо гана балаңар сөзсүз айыгат! Дарыгерлер колунан келишинче дарылайт. Биз болсо ага ишенишибиз керек экен.

— Азыр Жаркынайым жакшыбы? Жүрүм-туруму да өзгөрсө керек?

— Көңүлү ачык, бардык нерсеге кызыгып турат. Дарыгерлерди көрсө дарыгер болом деп, эми бул жактан чыгып "журналист" болом десе деле таң калбайм. Айтор баарына кызыгуусу артып турган кези.

Ашказан рагын айыктырса болобу? Оорунун себеби, алдын алуу тууралуу онкохирургдун маегин окугула