Көчмөн турмушка ылайыкташылып жасалган боз үйдө ар бир оокаттын өз орду болгон. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул жолу этнопедагог Абдыкерим Муратовдун жардамы менен боз үйгө байланыштуу болбой турган нерселерди тизмектеп чыкты.
Түндүктү аял киши көтөрбөйт. Боз үйдүн түндүгүн эркек гана көтөргөн. Боз үч тигүү өзүнчө салтанат катары каралып, арча түтөтүп аласташып, жыт чыгарышкан. Бирок боз үйдү аялдар менен эркектер эриш-аркак тиге берет.
Оокаттар ой келди коюлбайт. Эпчи жак – үйдүн кире беришиндеги оң тарабы болуп, ал жакка аялдардын гана оокат кечеси коюлган. Бул тарапка ала бакан орнотуп, тамак-аш, идиш-аяк сакталган. Ал эми эркектердин буюм-тайымы турган сол тарабы — эр жак деп аталган. Мында мырзалардын кийими, куралы, ат жабдык жана башка буюмдары турган.
Керегеге бут артпайт. Элибиз ар бир буюмга астейдил мамиле жасаган. Ушул сыяктуу түндүк, баканды аттаганга да тыюу салынган. Кырсык жолобосун деген ой менен кереге-ууктарга бөрүнүн чүкөсүн, тырмактарын илип коюшкан.
Түндүктү тегеретпейт. Элибиз түндүктүн тегеренгени — жонун чаап алышынын белгиси деп жоруган.
Кыргыздын уникалдуу турак жайы — боз үйдүн түзүлүшүн, курамдык бөлүктөрүн жана тигүү иретин Sputnik инфографикасынан көрсөңүз болот.