Олимпиадада КР намысын коргогон тоо лыжачы Тариэль Жаркымбаев 78-орунду алды

Жаркымбаев 1,4 чакырымды 4 мүнөт 5,99 секундада басып өткөн
Sputnik

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Кыргызстандык тоо лыжачы Тариэль Жаркымбаев Пхенчхандагы кышкы Олимпиада оюндарында спринтердик жарышта 80 спортчунун ичинен 78-болуп келди.

Олимпиаданын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, 80 спортчу 1,4 чакырымга жарышкан. Квалификациянын жыйынтыгы боюнча эң мыкты көрсөткүчтү камсыздаган 30 спортчу чейрек финалга өтөт. Алардын 12си жарым финалда күч сынашат.

Оп, бали! Олимпиадада кыргыз спортчуларынын ак калпагы көрүүчүлөрдү суктантты
Жаркымбаев 1,4 чакырымды 4 мүнөт 5,99 секундада басып өтүп, квалификациялык турнирде 78-орунга татыган. Башында ал 79-орунда болчу, бирок кытай спортчусу оюндан четтетилгендиктен 78-орунга чыккан.

Ошентип Жаркымбаев ушуну менен Олимпиада оюндарынын кийинки турларына катыша албайт. Дал ушул спортчу Олимпиаданын ачылышында Кыргызстан желегин көтөрүп чыккан. Андан сырткары, спортчу тууралуу кызыктуу фактыны окуганды унутпаңыз.