Апа!.. Апам менин…
Шымыма сийип алганым үчүн сенден кечирим сурайын деп жетишпей калдым. Кечирип койчу мени! Экинчи антпейм.
Апа, сен күлгөндөчү… күлгөндөчү ээ… ушундай сулуу болчусуң. Мен сени аябай жакшы көрөм, сени кучактап, өөп, жытыңды искегим келет. Бирок сени таппай, каякта экенимди түшүнө албай жатам. Чакырсам эмнеге келбей жатасың?
Сенин кайгыга чөккөнүңдү көрүп жүрөгүм ооруп кетчү. Ыйласаң, кыйналып жатканыңды сезчүмүн. Баары жакшы болорун, мен дайыма сенин жаныңда болорумду айткым келчү, бирок эмнегедир анте алчу эмесмин. Анын ордуна көзүмө жаш айланып, сүйлөйүн десем ыйга айланып кетет… кетчү…
Сенин жаныңда болгон үч жыл ичинде мен көп нерсе үйрөндүм. Тай-тай басып, телефонуңдан мультфильм көрүп… Бирок бир жолу телефонуңдун бирдигин түгөтүп салганым үчүн жазалагансың. "Бирдик" деген эмне экенин түшүнгөн деле жокмун.
Автобус же маршрутка менен кетип баратканда жолду караганды жакшы көрөр элем. Бактар менен үйлөрдүн "тызылдап чуркап кетип баратканы" жакчу. Сен мени кучактап, бетимен өпчүсүң. Ошол ирмемде аябай бактылуу болор элем…
Экөөбүз акыркы ирет көрүшкөндө мен шымыма сийип алдым. Бул шымды кимдир бирөө алып келсе керек эле, туугандарбы же сенин досторуңбу, айтор, бир жактан келген. Калган оокат-кечебиз мурунку үйдө калбады беле. Ошол жактан кетип калганыбыз аябай жакшы болду, жаман нерселер көп болчу эле. Түнкүсүн эркектер келчү, алар сени азапка салып кетээр эле. Мен ыйлачумун. Сенин жиниң келип, кайра эле урчусуң. Анан эле акыркы калган шымымды булгап койбодумбу… Бир урдуң, катуу. Чыдабай ыйлап жибердим. Кайра чаптың, анан дагы… дагы… Бир маалда айлана капкараңгы болуп калды…
Каяктагы бир аялдар мага операция жасоо керектигин айтып жатышты. Көтөрүп жүрүштү, мен баары жакшы эле деп айта албай койдум. Эмнеге эми гана сүйлөп жатканымды түшүнбөйм?!
Бул жакта баары жакшы экен, апа. Канча кааласаң мультик көрөсүң. Бирок мен сени аябай сагынып жатам. Мени качан алып кетесиң? Сени ушунчалык жакшы көрөрүмдү, баары жакшы болорун айткым келет. Мен эми сүйлөй алам да…