"Дени сак эл" уюму түштүк аймагында жашаган элди акысыз дарылап жатат

Бир жыл аралыгында аталган уюмдун дарыгерлери 15 миң жаранды акысыз дарылап, медициналык жардам көрсөткөн
Sputnik

ОШ, 12-фев. — Sputnik. Ош шаарындагы "Дени сак эл" дарыгерлер уюму түштүк аймакта жашаган 15 миң жаранды акысыз дарылады. Бул тууралуу уюмдун жетекчиси Максатбек Жумабаев билдирди.

Анын айтымында, уюмдун дарыгерлери Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы тоолуу аймактардын, анын ичинде дарыгер, адистер жетишпеген айылдарды кыдырып чыгышкан.

"22 адис бейтаптарды кабыл алып, жеринде дарылап жатат. Дарыгерлер өз каражаттарына дары-дармек сатып алып, медициналык жардамга муктаждарга беришкен. Айрым оорусу күч алып кеткендерди ооруканага алып келишүүдө. Он чакты адамга дарыгерлердин каражатына операция жасалды. Мындан сырткары, Ош, Кочкор-Ата шаарларындагы карылар үйлөрүндө жашагандарга тиш салып беришти", — деди Жумабаев.

Холераны кантип жуктуруп албоо керек? Министрликтен кеңеш
Ал ошондой эле алыскы аймактарда жашаган калктын көпчүлүгү альвеококк, эхинококк жана тери оорулары менен ооруй турганы аныкталганын кошумчалады.

"Дени сак эл" дарыгерлер ассоциациясы 2017-жылы негизделип, анда түштүк аймагындагы ооруканаларда иштеген дарыгерлер өз каалоосу менен бейтаптарга медициналык жардам көрсөтөт.

Ал эми бейтапка алгачкы жардамды көрсөткөн "Тез жардам" кызматкерлеринин бир күндүк жумушуна кызыгып көрдүңүз беле?