Ан-148 учагынын Подмосковьеге кулаган учуру камерага түшүп калган. Видео

Учактын кырсыкташынан 71 киши каза болду
Sputnik

Ан-148 учагынын Подмосковьеге кулаган учуру видео байкоо камерасына түшүп калган. Тасма YouTube сайтына жарыяланды.

Жээнбеков учак кырсыгына байланыштуу Путинге жана россиялыктарга көңүл айтты
Белгилей кетсек, 11-январда Домодедово аэропортунан учуп чыккан "Саратов аба жолдору" авиакомпаниясына таандык Ан-148 учагы Подмосковьеге кулаган. Ичиндеги 71 кишинин баары тең каза болгон. Алардын экөө чет элдиктер экени айтылды. Маркумдардын арасында Кыргызстандын жарандары жок.

Учак Домодедово — Орск багыты боюнча учкан. Камера түшүп калган видеонун 26-секундасында жарылуу болгонун көрүүгө болот. Андан кийин учак дагы ондогон метр учуп барып андан кийин жерге түшкөн.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, бир нече текшерүүлөр дайындалды.

Авиакырсыкка байланыштуу кырдаал кандай болуп жатканын тексттик трансляциядан окуңуздар.