Актриса Таалайкан Абазованын айылга каты. Айылдын "жылдыздары", бакчадагы Ак Мөөр

Бул жолу айылга катты ай чырайлуу актриса Таалайкан Абазова жазып, кызын артист кылдыргысы келбеген апасын, бакчадагы жоруктарын жана курбусу экөө бир кезде катуу "жылдыз" болгон күндөрүн эстеди.
Sputnik

Балалыгымдын бактылуу, таттуу күндөрү Токтогул районунун Торкент айылында өттү. Ал учурду эстесем жүзүмө жылмаюу, жүрөктө жылуулук пайда болот. Ысык-Көлгө бара жатсам деле тоолорду көрүп өзүмдүн Ата Журтума бараткандай элестетип, көзүмдү жуумп, балалык күндөргө бир барып келем.

Жайлоо, жамгырда калган балдар

Кичине кезибизде чоң ата, чоң энелерим менен жайлоого чыгаар элек. Оторбай жана Кашкатай деген аттарыбыз бар болчу. Сууну аркы өйүздөгү булактан алгандыктан, аттарга флягаларды артып алып ырдап жөнөчүбүз. Нуриза сиңдимдин жыгылгандан калган бетинде тырыгы бар эле, ошондон улам ал өзүнө уйкаш Кашкатай деген атты минчү. Суу эле ташышканы болбосо апамдар ага жумуш деле жасатчу эмес. Бир күнү аркы өйүздө суу алып жүрсөк, аба ырайы тез эле бузулуп жамгыр жаап, туман каптады. Чоң апамдар аркы өйүздөн кол булгалап "абайлап келгиле" деп кыйкырып жатат. Аттарда суу толгон фляга, тайгалактан улам дөңдөн араң чыгып баратышат, биз да ээрден жылышып шыпырылып түшүп кала жаздаганбыз. Шөлпүрөп суу болгонубузду сурабаңыз. Жайлоодо негизи эле күндүн көзү ачылбайт го, эки күндүн биринде жамгыр шар деп эле төгүп кетчү. Бизге чоң апамдар айылга кетип калгычакты деп каптарды карматып үйө-үйө тезек тердиртчү эле. Ал бизге жумуш эмес, оюн эле. "Ким биринчи капты толтурат" деп атып кантип кап толгонун да билбей калчубуз.

Бала бакча

Таалайкан Абазова: актриса болуу оңой эмес
Бала бакчага барып жүргөн кез. Анда 6 жашта болсом керек. Түшкө чукулдап уктаар маал болгондо эле сарсанаа болуп, үйгө кетким келип, жаман боло берчүмүн. Анткени түштө уктаган мага таптакыр жакчу эмес. Тарбиячылар оюбузга коймок беле, баарыбызды кыйкырып-өкүрүп жатып жаткырат. Бир күнү уктагым келбей жатсам эсиме "Атасы кетти согушка, кайрылып кайра келген жок" деген ыр түштү. Ырдап, көзүмө жаш тегеренип жатсам тарбиячы эжебиз келип "ай, кыз бул эмне болуп жатат" деп урушканы эсимде. Азыр ошол образымды эстеп күлө берем. Бала бакчада жүргөндө эле актриса боло берчүмүн. "Мунарык, тунарып кайда жүрөт" деп балдарды маңдайыма коюп алып Ак Мөөрдү туурачумун. Кандай тасма көрсөм ошондогу каармандардын образын ойной берчү элем. Үйдөгүлөр сыналгы көрүп отурса апамдын кийим, кездеме салынган сандыгын ачып түркүн-түстүүсүн кийип "образга кирсем" апам "ай сыналгыны өчүргүлө, бул кызды көрөлү" деп тамашалап калчу.

Өзгөчө дептер жана радио

Атам дарыгер, апам дүкөнчү болгону менен балдары чыгармачылыкка чукул болуп чоңойдук. Ал кезде радиодон классикалык музыкаларды көп бергендиктен абдан кызыгуу менен угаар элем. Жөн укпай колума кармап, кулагымдын түбүнө коюп алып да укчумун. Анан көк, жука дептерден эле жасап алган өзгөчө күндөлүгүм бар эле. Анын алгачкы бетинде Абдылас Малдыбаевдин гезиттен кесип алган сүрөтү чапталган. Андан кийинки барактарында Бакен Кыдыкеева, Бүбүсара Бейшеналиеванын сүрөттөрү. Анан гезит-журналдан бир сөздөрдү кесип, чаптап койчумун. Кийин ойлосом көрсө, алар афоризмдер экен.

Курбум Урматкан, айылдын "жылдыздары"

Бакыт Мукулдун айылга каты. Уурдалган чана, "үчкө" окуган сүрөтчү
Айылдагы күндөрдөн окуучулук кез да көп эске түшөт. Кошунабыздын Урматкан деген кызы бар эле, ал экөөбүз классташ, дос болчубуз. Ал жалгыз кыз болуп онго чукул куурчагы боло турган. Кичинебизде өзүнчө эле концерт коюп жүрүп, кийин 7-8-класс болгондо индия, испан бийлерин бийлеп сынактарга катыша баштадык. Индия бийинде ал кыз, мен болсо эркектин образында чыктык. Ошол бийибиз менен кийин райондук, облустук, республикалык кароо-сынактарга катышып, жеңүүчү болуп айылдын "жылдызына" айландык. Ал шуулдаган болсо, мен токтоо. Бирок апам менин артист болушума каршы эле. Өзү дүкөнчү болгондуктан сени да соодагер кылам дей берчү. Бирок Урматкан экөөбүздүн эс-дартыбыз шаарда окуу болчу. Бир күнү гезит-китептерди көп окуган Айзада деген сиңдим (кийин журналист болуп кырсыктап каза болуп калды) "Фрунзеде Ленинграддагы Черкасов деген окуу жайга кабыл алуу болгону жатыптыр" деп калды. Урматкан экөөбүз апаларыбызга айтпай шаарга кетүүгө камына баштадык. 9-классыбызда эле "бийдин арты менен" паспорт жасатып алганбыз. Паспортко сүрөткө түшкөнү баргыныбыз да өзүнчө окуя. Үйдөгүлөргө айтпай Токтогулга барсак "костюм кийип келгиле" деп чыгарып коюшту. Курбум экөөбүз ошол жердеги чоң эле аялдын костюмун араңдап зорго сурап, шалбыратып кийип түшкөн элек. Ошентип шаарга кетебиз деген күн да келди. Апаларыбыз билбейт. Менин апам Урматкандын үйүнө тамак жасап алып келип отурса эле курбум "такси келди, даярсыңбы?" деп калды. Экөөбүздүн тең энебиз "кайда" деп чочуп кетти. Аларга түшүндүрүп айтсак урушаарын же ыйлаарын билбей туруп калышты. Анан менин апам "кийимдериң даяр эмес да" деп жибий түштү. Болбосо менин кийимдерим, чемодан эбак эле даяр болгон. Ошентип алар биз менен Токтогулга чейин такси менен чогуу барып узатышты. Автобуска отурганымда апамдын ыйлаганы дагы да эсимде. Ошентип шаарга келип, курбум өтүп, мен акыркы турдан кулап калдым. Бирок кайра айылга барбай драма театрдын алдындагы студияда бир жыл окудум. Кийинки жылы Москвага окууга тапшырып, ошондон кийин актриса болуп калгам. Ал эми курбум Урматкан азыр Түркмөнстанда бий, спектакль коюп иштейт, абдан таланттуу инсан болгон.

Ушундай, менин айылдагы алтын кездерим.

Депутат Аида Касымалиеванын айылга каты. Таята, жылдыз санаган түндөр, эски ийик
Бул кат мени кереметтүү мезгилге, айылыма кайра алып келди. Сенин ар бир тамчы сууң, ар бир кум-ташың кымбат. Сенде өткөн күндөрүм менин өмүрүмдөгү баасы ченелгис ирмемдеримдин бири. Бар бол, түгөнбө, чайпалба, менин Торкеним!

Белгилүү, атактуу инсандардын айылга жазган каттарын окуп, сиз да туулган жерди эстеп алыңыз.