Элчилик Подмосковьеде кулаган учакта КР жарандарынын бар-жогун тактады

ӨКМ кызматкерлери кырсык болгон жерде издөө-куткаруу иштерин жүргүзүп жатат. Ушу тапта эки адамдын сөөгү табылды.
Sputnik

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Подмосковьеде кулаган учактын ичинде кыргызстандыктар болгон эмес. Бул тууралуу өлкөнүн Россиядагы элчилигинин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова билдирди.

39 адамдын сөөгү табылган жердин азыркы көрүнүшү. Дача СУдан тартылган кадрлар
Эскерте кетсек, бүгүн Бишкек убактысы менен саат 17.26да Москванын Домодедово аэропортунан учуп чыккан Ан-148 көп өтпөй эки чакырым бийиктиктен Подмосковьеде кулаган. Учактын ичинде 65 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү болгону маалымдалган.

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги РФтин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам байланыш кызматы аркылуу кулаган учактын ичинде КР жарандарынын жок экенин тактаган.

Белгилей кетсек, учурда ӨКМ кызматкерлери кырсык болгон жерде издөө-куткаруу иштерин жүргүзүп жатат. Ушу тапта эки адамдын сөөгү табылды.

Авиакырсыкка байланыштуу кырдаал кандай болуп жатканын тексттик трансляциядан окуңуздар.