Радио

Ливандык жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу китеп жазды

Ливандагы радиолордун биринде кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган программалар сериясы жүрүп жатат
Sputnik

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Бейрутта ливандык жазуучу Имадеддин Раеф кыргызстандык жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу китебин элге тартуулады. Бул туурасында КРдин Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлады.

Китеп "Чыңгыз Айтматов менен Манастын босогосунда" деп аталат. Китеп туурасында Раеф менен радиодо болгон маектердин сериясында кеңири айтылат. Эфир аалам алпы, классик жазуучу Айтматовдун 90 жылдыгына арналган.

Жээнбеков Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө бүгүнтөн тарта башталарын билдирди
Раеф 8-февралдан тарта угармандарга Айтматовдун чыгармачылыгынын мааниси, масштабы тууралуу айтып берет.

Китептин мукабасына кыргыз сүрөтчүсү Замир Илиповдун "улуу жол" деп аталган эмгеги түшүрүлгөн.

Китеп араб тилинде чыгып, электрондук түрдө жазуучулар менен интеллектуалдардын "Айтматовдук окуулар: маданияттар диалогу" деп аталган эл аралык I форумунда окугандан кийин чыккан. Иш-чара 2017-жылы август айында болгон.

Китеп кириш сөздөн жана алты бөлүмдөн, эки тиркемеден турат. Китептеги макалалардын бардыгы араб сайттары менен электрондук журналдарга басылган.

Быйыл улуу жазуучу Айтматов 90 жашка чыгат. ТҮРКСОЙ 2018-жылды "Айтматов жылы" деп жарыялады.