Космонавттар эмнеге күбө болушат? Космостон тартылган 11 сүрөт

Sputnik

Космонавттар Эл аралык космос станциясынан тез-тез сүрөткө тартып турушат. Мындан улам Sputnik Өзбекстан агенттиги космостогу кызыктуу ирмемдердин топтомун жарыялады.

Космостон тартылган Ысык-Көл. Россиялык космонавттын сүрөтү
Эл аралык космос станциясында медициналык-биологиялык изилдөөлөр жасалып, жогорку техникалык материалдарды жана биопрепараттарды чыгарышат.

Эл аралык космос станциясы 2000-жылдын 20-ноябрынан тарта иштей баштаган. Бирок анын ичинде адамдар 2-ноябрдан тарта жашап башташкан. Бул күнү Россиянын "Союз" кемеси алгачкы узак мөөнөткө жүргөн экипаж менен станцияга келип түшкөн.

Буга чейин да россиялык космонавт Сергей Рязанский Эл аралык космос станциясынан жаңы жылдын символу болгон "балатынын" элеси түшүрүлгөн сүрөттү чыгарган.

1 / 11
Эл аралык космостук станциясынын бортунан көрүнгөн жылдыздар
2 / 11
Күндүн жаңыдан чыгып жатканы ушундай көрүнөт
3 / 11
Айдын алаканында турган Эл аралык космос станциясы
4 / 11
Ачык космоско чыгуу маалы
5 / 11
Эл аралык космостук станциянын көрүнүшү
6 / 11
1986-жылдагы Эл аралык космос станцияда жайгашкан футбол тобу
7 / 11
Эл аралык космос станциясынын командири Александр Мисуркин "Союз МС-07" кемеси станциянын жанына жалгашкан учурду сүрөткө тартууга жетишкен
8 / 11
Тутулган айдын астында жайнаган космостук станциялар
9 / 11
Роскосмостун космонавты Михаил Корниенко кеменин терезесин тазалап жатат
10 / 11
ATV-3 автоматтык транспорттук кемеси станциянын жанында
11 / 11
Астронавт Стивен Керн Робинсон ачык космоско чыкканда