Болочоктогу дарыгер, бир мамлекеттин министри жети айлык болуп ара төрөлүп, көп балалуу үй-бүлөдө чоңойгон. Эмгек жолунда 150 миң адамга операция жасаган. Алардын арасында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов да бар.
Sputnik Кыргызстан агенттиги министр тууралуу 8 фактыны сунуштайт.
2. Аккордеон тартып, бокс менен волейболду катыра ойночу. Батыралиев ара төрөлгөн. Бала чагында тели-туштарынан кичине, арык болгондуктан болтойгон бала болоюн деп тамактын артынан түшкөн учурларды эскерип айткан жайы бар. Көп жыл бокс, волейбол менен машыккан. Спорттон сырткары, аккордеон тартканды үйрөнүп обон созуп ырдаган учурлары да болгон. Ар тараптан өзүн өстүрүп лидер болгусу келгенин эскерет.
3. Министрликке чейин Түркияда 25 жыл иштеген. 1993-жылы Түркияга кетип, ал жакта 25 жыл клиникаларда жетекчилик кызматтарды аркалап, көп өлкөлөр менен иштешкен.
Кардиохирург Батыралиевдин колунан 150 миңге чукул бейтап өткөн. Салыштыруу үчүн айтсак, бул Лейлек районунда жашаган калк санынан көп көрсөткүч. Түркиядагы мыкты шарттары бар, заманбап жабдуулары орнотулган клиникада жүрөккө операцияны жаңы технологияны колдонуп жасап келген. Тагыраагы, операцияны жабык түрдө лазер менен жасоо ыкмасынын чебери. Учурда дүйнөлүк деңгээлдеги кардиохирургдардын катарын толуктайт. 2014-жылы Түркияда иштеп жүргөн учурунда Саламаттык сактоо министрлигин жетектөө сунушу түшкөн. Өткөн жылы Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде "министр болордо алдыдагы кыйынчылыктардан кооптонгон жоксузбу?" деген суроого "чет өлкөдө иштегеним менен Кыргызстанда болуп жаткан башаламандык оюман кетпей койду. Күнүгө эртең менен мага жок дегенде бир кыргызстандык чалып, каякка барып дарылануу керектигин сурап турчу. Эл жөнөкөй операция жасатуу үчүн да чет жакка барууга аргасыз болуп калыптыр. Бул кызматка келүүдөн корккон жокмун! Биздеги медицинанын абалы мышык ыйларлык. Азыр аракет кылсаң да мындан жаман кыла албайсың" деп жооп узаткан.
4. Чыңгыз Айтматовго операция жасаган. 2004-жылы Түркиянын кардиохирургдары менен биргеликте Кыргызстандын залкар жазуучусуна операция жасаган. "Бишкекте ооруп жатканда Чыңгыз Төрөкуловичке бүт дүйнө көз салып турган. Атайын чакыруу болгонго чейин биз да Москвага кетеби же Европага барабы деп күтүп турдук. Анан биз тандалып, Түркиянын генералы, аскер хирургу Эртан Демирташ өзү учак менен келип алып кеткен. Келгенден жарым сааттан кийин бутка тургуздук. Ал киши бул жактагы системаны, шартты көрүп, "качанга чейин эле ушинтип жүрөсүңөр" деп айтып калды" деген буга чейинки берген маегинде.
Кызматка киришкенине жыл айланбай Эсеп палатасынан аудиторлор келип, иш тажрыйбасы үчүн үстөк акы туура эмес которулуп жатканын кабарлашкан. Анткени анын чет жерде эмгектенгени эсептелинбейт болчу. Бул боюнча министр жаза басканын моюндап, алган 166 миң сомду кассага кайтарып берген.
Мындан сырткары, парламентарийлер Саламаттык сактоо министрлигинде мыйзам бузуулар кездешери тууралуу 75 беттен турган маалымкатты талкууга чыгарышкан. Бирок бул жүйөлөр далилденген эмес.
6. Мына-мына кетет дешет… Батыралиевди кызматтан кетирүү маселеси тынбай көтөрүлүп турат. Бирде ак халатчандар эле отставкага кетирүү сунушун көтөрүп чыкса, бирде эл өкүлдөрү да талап кылып калышат. Бирок парламентте жетишээрлик добуш топтолбой калган. Министр өзү агымга каршы сүзүүгө даяр болуп келгенин айтат. "Президент, өкмөт башчы жана саясатчылар колдоп турганда акыркы мүнөтүмө чейин айтканымды кылам жана жасайм. Министрлик атаман калган мурас эмес. Бирок мен чет өлкөдөн бул кызматка келээр алдында билими күчтүү адис, врач катары белсенип келгем. Каршылыктар болорун мурун эле билчүмүн. Анткени айрымдарга эң кирешелүү бизнес делген фармакология секторундагы системалык өзгөрүүлөргө барганда ушундай болот. Мына кетет, ана кетет дешет, бирок алтынчы өкмөт башчы менен иштеп жатам" деген маектеринин биринде. Ошондой эле каршы чыккандар менен күрөшүү мындан ары эми күчөй тургандыгын кошумчалады. Жасап жаткан эмгегинин акыбети акырындан кайтып жатканын айтып, мунун үзүрүн 5-6 жылдан кийин көрөбүз деп ишендирген.
8. Медицинадагы изи. Талантбек Батырлиевдин медициналык билиминин башаты Фрунзедеги Кыргыз Мамлекеттик медицина институту болсо, аспирантураны Москвада улантып, кардиология боюнча Бүткүл союздук илимий борбордо кандидаттыгын, кийинчерээк докторлугун жактаган.
АКШнын Ангиология колледжинин, инвазивдик ыкма менен иштеген Кардиология боюнча дүйнөлүк академиянын, европалык кардиологдор коомунун мүчөсү. АКШдагы кадыр-барктуу Universal Award of Accomplishment (ABI USA) илимий сыйлыгынын ээси. Профессор, медицина илимдеринин доктору.
350 макаланын автору;
Дүйнөдөгү алдыңкы журналдарга 80ден ашуун илимий макалалары жарыяланган;
2007-жылы Россиянын медициналык илимдеринин академиги Алексе́й Сперанский атындагы алтын медалдын ээси;
2008-жылы Россиянын Николай Пирогов атындагы ордени менен сыйланган.