Жылуулуктун акчасы 5 күндү кыскартканга карабай айрым шаардыктарга эки эсе көп чыкты

Улуттук энергохолдингден бишкектиктер жылуулук үчүн январдын беш жана февралдын эки күнү үчүн акча төлөбөй турганын билдирген
Sputnik

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын айрым тургундары жылуулук үчүн январь айында беш күндүн акчасы алынбайт дегенине карабай, мурдагы айларга салыштырмалуу көбүрөөк эсеп чыгып келгенин айтышууда. Мындай даттанууларын калаанын тургундары Sputnik Кыргызстан агенттигинин Telegram тиркемесиндеги "Бишкек сегодня" тобуна жазышкан. 

Квитанция за теплоэнергию в Бишкеке

Эске салсак, Улуттук энергохолдингден бишкектиктер жылуулук үчүн январдын беш жана февралдын эки күнү үчүн акча төлөбөй турганын билдиришкен.

"Өткөн жылдын декабрь айына 712 сом 96 тыйын төлөгөм. Январь айына болсо беш күндү эсептебегенине карабай 1541 сом чыгып келди", — деди окурмандардын бири.

Квитанция за теплоэнергию в Бишкеке
Эмне себептен төлөмдөрдө мындай айырмачылыктар болуп калганын билүү үчүн "Бишкекжылуулуктармагы" ишканасынын маалымат катчысы Канышай Дүйшөнбековага кайрылдык.

"Январь айындагы жылуулукка төлөмдөр беш күндүн акчасын алып салуу менен эсептелип бүттү. Учурда контролерлор квитанцияларды абоненттерге жеткирип берип жатышат. Беш күндүк төлөмдөр жылуулук жана ысык суу үчүн алып салынды. Ал эми "Бишкекжылуулутармагынан" жылуулукту буу менен алгандар акысын бир айга толугу менен төлөйт. Адатта жылуулукту буу түрүндө мончолор алат", — деди Дүйшөнбекова.

Жөнөкөй жол менен турак жайды кантип жылууласа болот. Жарандарга керектүү кеңеш
Ошондой эле ал январь айындагы жылуулук акысы декабрь айыныкынан эки эсе көп чыкпашы керек деген оюн кошумчалады.

Маалымат катчы январь айында жылуулук үчүн чыгып келген суммадан күмөн санагандар квитанцияда көрсөтүлгөн 19-80 кыска номуруна же 0312 61 11 69 шаардык номуруна чалып, өз төлөмүнүн суммасын дагы бир жолу тактап алууну сунуштайт.

Кошумчалай кетсек, премьер-министр Сапар Исаков энергетика тармагында реформа жүргүзүү максатында жылуулук жана электр энергиясынын тарифтерин жогорулатуу керектигин айткан. энергетика тармагындагы адистер тарифтерди көтөрүүнүн күңгөй-тескейин айтып беришкен.