Райым Матраимов тууганы экөө эмненин эсебинен миллиондорду тапкан. Декларация

Бажы кызматынын мурдагы жетекчисинин орун басары негизги ишинен тышкары дагы кирешелерге ээ болгон
Sputnik

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Акыркы жарыяланган декларацияга ылайык (2016-жылкы) Райымбек Матраимов өзүнүн жакын тууганы менен биргеликте 15 миллион сом тапкан.

Матраимов 2015-2017-жылдар аралыгында Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Өткөн жылдын 23-ноябрында премьер-министр Сапар Исаков "ишенимден чыкты" деген жүйө менен кызматынан бошоткон.

Декларациядагы маалыматка ылайык, Матраимов 2016-жылы негизги ишинен 852 миң сом тапкан. Ошондой эле мал сатуудан 3 миллион 219 миң сом киреше көргөн.

Кесиптештеринен уялган Камчыбек Жолдошбаевдин эмне мүлкү бар
Жакын тууганы (ким экени көрсөтүлгөн эмес) ошол эле жылы башка булактардан 1,5 миллион сом жана жарандык укуктук келишимдерден 9 миллион 422 миң сом тапкан. Тууганы Матраимовдон айырмаланып чыгашасын көрсөткөн. Тагыраагы, жети миллион сом сарптаганын жазганы менен кайда коротконун көрсөткөн эмес.

Матраимовдун 56,7 чарчы метрлик батири бар. 39 чарчы метрлик батирге ээлик кылган тууганынын 190 чарчы метрлик коттеджи дагы бар. Ошондой эле 2014-жылкы Lexus GX 460 үлгүсүндөгү унаа айдайт.

Эскерте кетчү жагдай бул маалыматтар 2016-жылкы декларациядан алынды.

Кыргызстанда жакында эле Улуттук энергетикалык холдингдин жетекчиси Айбек Калиев менен жөнөкөй кызматкерлердин маянасына кызыккандар күчөгөн. Sputnik агенттиги кимиси канча табарын аныктап чыкты.