Исаков Sputnik агенттигинин журналисттерин "Сынган кылыч" долбоору үчүн сыйлады

Премьер-министр жазуучу Төлөгөн Касымбековдун тарыхый романынын негизинде жаралган Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун инновациялык долбоорун жогору баалады.
Sputnik

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Өкмөт башчы Сапар Исаков Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун журналисттерин жазуучу Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" тарыхый романын аудио долбоор кылып иштеп чыккандыгы үчүн сыйлады.

Кабарчы Нургүл Максутовага Исаков "өзүнүн профессионалдык жоопкерчилигин так аткаргандыгы үчүн" атайын саат тапшырды. Ал эми өлкө алдында өзгөчө иш кылып, Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" романынын негизинде аудиодолбоор жасагандыгы үчүн маалымат агенттиктин креативдүү продюсери Эрнис Алымбаевге өкмөттүн Ардак грамотасы ыйгарылды.

1 / 2
Кабарчы Нургүл Максутовага Исаков "өзүнүн профессионалдык жоопкерчилигин так аткаргандыгы үчүн" атайын саат тапшырды.
2 / 2
Ал эми өлкө алдында өзгөчө иш кылып, Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" романынын негизинде аудиодолбоор жасагандыгы үчүн маалымат агенттиктин креативдүү продюсери Эрнис Алымбаевге өкмөттүн Ардак грамотасы ыйгарылды.

"Сыйлык, албетте, мен үчүн жагымдуу болду. Журналисттер ар дайым элдин кызматындабыз. Бул чоң жоопкерчиликти моюнга жүктөгөн сөз. Азыркы сыйлык меники эле эмес, жалпы Sputnik Кыргызстандыкы. Ал эми "Сынган кылыч" долбооруна келе турган болсок, жети ай бою бел чечпей мээнет жумшаган эмгек жаштар үчүн, кийинки муун, дегеле жалпы коомчулук үчүн пайдалуу болсо деген тилек. Sputnik Кыргызстандын эмгек жамааты кадимки калыбында коомго так, туура маалыматтарды жеткирүү үчүн кызматыбызды уланта бермекчибиз", — деди Максутова.

Премьер-министр жазуучу Төлөгөн Касымбековдун тарыхый романынын негизинде жаралган Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун инновациялык долбоорун жогору баалады.

Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйланды
Долбоордо романдын 27 сааттык аудио китеби, чыгарманын толук жана кыскартылган тексти, ошол доордогу маанилүү делген окуялардын интерактивдүү картасы, 180ге жакын каармандын таржымалы жана илимий макалалар камтылган.

Чыгарманы үн менен коштоого, тагыраагы, аудио китепти өлкөдөгү кино жана театр жаатындагы белгилүү актерлор окуган.

"Сынган кылычты" Sputnik радиосунан аптанын беш күнүндө угууга болот, ал эми долбоор менен sputnik.kg сайтынан таанышсаңыз болот.