Кыргызстан эгемен болгону 1994-жылдан бери кышкы олимпиадалык оюндарга бирин-экин спортчулар катышып келатканы менен ийгилик жарата элек. Өлкө атынан ушуга чейин кышкы оюндарга кимдер катышып, кандай орун алганын спорттук баяндамачы Кабыл Макешов айтып бермекчи.
Лиллехаммер-1994
Нагано-1998
Экинчи ирет өлкө желеги 1998-жылы Япониянын Нагано шаарындагы кышкы олимпиадалык оюндарында желбиреди. Бул ирет дагы кыргызстандык делагацияны УОКтун ошол учурдагы президенти Эшим Кутманалиев жетектеп барган. Кыргызстандын атынан жердиги россиялык биатлончу Александр Тропников катышкан. Ал биатлон боюнча 10 чакырым аралыктагы спринт жана 20 чакырымдык жеке таймаштарына катышып, 36 жана 65-орундарга жеткен. Бул саамалык Кыргызстанда кышкы спортко көңүл буруу керектигин көрсөткөн.
Солт-Лейк-Сити-2002
Турин-2006
Кыргызстандан алгач ирет тоо лыжа боюнча спорт чебери Иван Борисов катышкан. Оюндар 2006-жылы Италиянын Турин шаарында өткөн. Борисов тоо лыжанын гигант слалом мелдешинде марага 41-болуп келген. Андан кийинки олимпиадалык оюндарда машыктыруучу болуп, жаш спортчуларды тарбиялап, тажрыйбасын бөлүшкөн.
Ванкувер-2010
Өлкөнүн чакан делегациясы төртүнчү ирет 2010-жылы Канаданын Ванкувер шаарында өткөн кышкы олимпиадалык оюндарга катышты. Бул ирет аны УОКтун ошол учурдагы президенти Мурат Саралинов баштап барып, команданын шеф-демиссиону Саламат Эргешов болгон. Мында эки спортчу тоо лыжачы Дмитрий Трелевский жана лыжа жарыштарына катышкан Ольга Решетникова мөрөй талашкан. Ольга классикалык спринт лыжа жарышына катышып, 54-орун менен чектелсе, Дмитрий тоо лыжасынын гигант слалом мелдешинде марага 76-болуп келген. Анын көрсөткүчү —3:08.01 болуп саналат. Ал эми слалом мелдешинде марага жетпей калган.
Сочи-2014
Россиянын Сочи шаарында өткөн кышкы олимпиадалык оюндарга барган делегацияны УОКтун ошол учурдагы президенти Мурат Саралинов жана башкы катчысы Канат Аманкулов баштап барып, команданын шеф-демиссиону Саламат Эргешов болду. Мында бир спортчу гана тоо лыжасы боюнча күч сынашты.
Эске сала кетсек, быйыл 2018-жылы кышкы оюндарды Түштүк Корея өлкөсү кабыл алаганы турса, 2022-жылкы кышкы Олимпиада Кытайдын борбору Пекинде өтөт.
Түштүк Кореяда өтө турган кышкы Олимпиадага катышчу кыргызстандык спортчулар тийиштүү деңгээлде даярдана албай калгандыгын Лыжа спорту боюнча федерациянын машыктыруучусу Игорь Борисов айтып бергенин бул жерден окуңуздар.