Иллиана аттуу 10 жаштагы кыз арстан иттин бутун өөп жаткан ирмемди toyquest101 деп катталган Instagram баракчасына жарыялаган.
Видеодон ак арстан алдыңкы буту менен иттин алдыңкы бутун өзүнө тартып өөп койгонун көрүүгө болот. Бир саамдан кийин кайра экөө ээрчишип басып кетишкен.
Жырткычтын мындай кадамы соцтармактын колдонуучуларынын жүрөгүн элжиретти. Бул окуя кайсы өлкөдө болгону айтылган эмес.