"Түнкү кырсык" тасмасынын Таллинде утуп алган баш байгеси Кыргызстанга келди

"Темные ночи" — Канн, Венеция жана Берлин кинофестивалдары сыяктуу дүйнөлүк абройго ээ болгон "А" категориясындагы иш-чара
Sputnik

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Белгилүү режиссер Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык" тасмасы Таллин шаарында өткөн "Темные ночи" Эл аралык кинофестивалында утуп алган баш байгеси кечээ Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу Кинематографты колдоо фондусунан билдиришти.

Эске салсак, тасма "Темные ночи" кинофестивалында баш байге ээ болуу менен бирге 10 миң евро сыйлыкка татыган.

"Фильм өтө жөнөкөй, бирок өмүр бою каада-салтты карманып, бир чийинден чыкапай жашаган кишинин укмуштуу сүйүүсүн сүрөттөгөн. Бозоргон жашоого сүйүү канчалык жарык бере аларын анык көрсөтө алган каармандар образга кан-жан менен кирип кетишиптир", — деп айткан калыстар тобунун мүчөсү.

Кыргыз тасмалары Алматыда тартууланат
Эске салсак, тасманын жаратуучуларына өткөн айда премьер-министр Сапар Исаков алкыш жарыялаган.

"Темные ночи" кинофестивалы 2014-жылдан тарта "А" категориясына кирген. Башкача айтканда, Канн, Венеция жана Берлин кинофестивалдары сыяктуу дүйнөлүк абройго ээ.

"Түнкү кырсык" тасмасы "Кыргызфильм" киностудиясынын бекитилген чыгармачыл-өндүрүштүк программасына ылайык, 100 пайыз мамлекеттик каржылоо аркасында студиянын техникалык базасын пайдалануу менен тартылган. Фильмди тартууга 10 ай кеткен. 90 мүнөткө созулган тасмага алты миллион сом сарпталган.