Темир Жумакадыров кабылган кырсыкка күнөөлүү айдоочу 10 жылга кесилди

Айыпкер, мындан тышкары, мамлекетке 2,1 миллион сом айып акча төлөшү керек
Sputnik

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Чүй облусунун Москва райондук соту Темир Жумакадыров менен дагы эки кишинин өмүрүн алган кырсыкка себепкер айдоочу Таалайбек уулу Автандилди 10 жылга эркинен ажыратып, мамлекетке 2,1 миллион сом айып төлөтүү чечимин чыгарды. Өкүмгө ылайык, айыпкер жазасын турак колониясында өтөйт. Бул тууралуу сот залынан Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

Кошкула, жакшылар! 40тын кырында дүйнө менен кош айтышкандардан тарта...
Эскерте кетсек, аталган ишти кароо 25-январда башталган. Андан кийинки процесс 30-январда өтүп, анда мамлекеттик айыптоочу күнөөкөргө 11 жыл берүү менен 2,1 миллион сом айып төлөтүүнү сунуштаган. Ал эми жактоочу соттолуп жаткан жарандын толугу менен күнөөсүн мойнуна алганын жүйө келтирип, камакка албоону суранган.

Эске салсак, Москва районуна караштуу Садовое айылынын аймагында "КамАЗ" менен Land Cruiser кагышып, вице-премьер Темир Жумакадыров, жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу Нурбек Муканов каза болгон.

Милиция кийинчерээк жол кырсыгы кандайча болгондугун алгачкы маалыматтарында айтып берген. Жүк ташуучу автоунаанын алдына машина токтоп, андан качам же озуп өтөм деген КамАЗдын айдоочусу жолтандабас менен кагышып, аны 50 метрдей сүйрөп барып, жол жээгинде турган зым карагайды сүзүп, жолдон чыгып кеткен.