БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. 3-февралда күндүз жана 4-февралда түнкүсүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт. Бул туурасында Кыргызгидрометтен кабарлашты.
Ал эми Бишкек шаарында 3-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Ош шаарында 3-4 февралда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. 3-февралда түнү —4…-6, күндүзү 0…2 градус болот. Ал эми 4-февралда, жекшембинин түнү термометр —7…-9, күндүз —1…+1ди көрсөтөт.
3-февралда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында күн ачык болушу мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Ысык-Көл акваториясында шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетери айтылды.
4-февралда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак болот.