БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Токтом токуп, депутаттарга иштегенге шарт түзүп, машинасы жокторуна кызматтык унаасын кайтарып бериш керек. Жардамчыларды да кайра берсин. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине комментарий берип жатып айтты.
Бүгүн парламенттин жыйынында Жолдошбаев коомдук транспорттон түшүп келе жаткан эл өкүлдөрүн көргөндө алардын жөө жүргөнү үчүн уялып кетээрин айтып, ал сөзү коомчулукта чоң талкуу жаратты.
"Депутаттардын автоунааларын катчылыктагылар, иш башкармалыктагылар минип жүрүшөт. Кээ бирлери бош эле турат. Же аларды өкмөткө, жалпы элге өткөрсүн же депутаттардын өздөрүнө кайтарып берсин. Туруп алып, бөйрөктөн шыйрак чыгара беришеби. Депутаттар ишке жөө келиши керек эмес да. Бир жакка же эл менен жолугушууга барганда автобус тосуп барабы, эмне кылат?", — деди Жолдошбаев.
Анын айтымында, бир нече депутат келип, бул маселе боюнча кайрылган.
Башында кызматтык унаалардан баш тартуу маселеси көтөрүлгөндө кандай позицияда элеңиз деген сурообузга "эч кандай позицияда жок болчумун" деп жооп берди.
Депутаттан анын уялганы боюнча социалдык тармактагы айтылган пикирлерге көз карашын сурадык.
"Уяламбы, уялбаймбы — ал жеке өзүмдүн ишим. Айткандарым менин жеке пикирим" деген Жолдошбаев кызматтык унааларды муктаж депутаттарга кайра кайтарып берүү аракети бар экенин айтты.
"Депутаттарга кызматтык автоунаа берилип калса албайм, мага кереги жок. Өзүмдүкү бар. Жөө жүргүндөргө бергиле десем, 20-30 депутат чогулуп алып макул дешти. Алар эми өздөрү да аракет кылат. Токтомду кайра токуйт… Мен да ал маселени көтөрөм. Жардамчыларды да кайра берсин", — деди Жолдошбаев.
Буга чейин парламентарийлер алар баш тарткан унаалар туура эмес бөлүнүп жатат деген пикирлерин айтышкан. Айнуру Алтыбаева кызматтык унаалар Акыйкатчы институтуна, китепканаларга берилип, алар бензинге бюджеттен акча алып жаткандыгын билдирген.