Көз көрбөй, кулак укпай, акылдан тайып каласың... Дарыгер менингит тууралуу

Адатта кичинекей баланы колго алсаң тынчып калат го, бул ооруда тескерисинче ыйлайт, жаткырып койсоң эс алып калат. Анткени кармаган жерлери ооруксунта берет. Илдеттин белгилери билингенде эле ооруканага келбесе, адам 1-2 күндө каза болуп калышы мүмкүн...
Sputnik

Мындай пикирди Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын нейроинфекция бөлүмүнүн башчысы Канатбек Исаков менингит оорусу тууралуу айтып жатып билдирди.

Заведующий отделением нейроинфекции Республиканской инфекционной больницы Канатбек Исаков

Саламаттык сактоо министрлигинин статистикасына таянсак, менингит менен ооругандардын 70 пайызга жакынын 14 жашка чейинки балдар түзөт.

Менингит илдетинин келип чыгуу себеби, белгилери, дарылоо жолдору тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы билип көрдү.

Мээге жабышкан менингит оорусу деген эмне?

Эркектер боор рагына көбүрөөк кабылат. Себеби эмнеде?
Менингит — мээнин жумшак чел кабыгынын сезгенүүсү. Ооруну бактериялар жана вирустар жаратат. Илдет организмде өз алдынча же башка бир оорунун таасири астында пайда болушу ыктымал.

Жыл ичиндеги башка мезгилдерге караганда кыш-жаз мезгилдеринде бул оору көбүрөөк катталат. Себеби бул убакта аба аркылуу тараган оорулар көбөйүп, дем алуу органдарынын сезгенишине алып келет. Анын ичинен менингит оорусунун тарашына да көмөкчү болот. Жазда нымдуулук күчтүү болгондуктан бактерия жана вирустардын көбөйүүсүн шарттайт.

Оору эки чоң топтон турат

Ириңдүү менингит бул — баш мээнин чел кабыгынын оорудан улам ириңдеши. Ооруну стрептококк, пневмококк бактериялары, ичеги таякчасы жана башкалар козгойт. Гайморит, кургак учук өңдүү илдет менен жабыркаган адамдар дарыланбай жүрө берсе, ал оорулардын козгогучтары мээге өтүп, менингитти пайда кылуусу ыктымал.

Экинчи түрү — ириңсиз менингит. Оорунун бул түрүн вирустар козгойт. Адатта оору жайында пайда болот. Оорулуунун чүчкүрүгү, жөтөлгөндөгү шилекейи, вирус түшкөн буюмдар аркылуу жугат.

Мындан сырткары, оорунунун мүнөзүнө жараша менингиттин бир канча түрү бар.

Заведующий отделением нейроинфекции Республиканской инфекционной больницы Канатбек Исаков

Оорунун белгилери

Менингит оорусунда адамдын дене табы 39-40 градуска чейин көтөрүлөт. Кара тер басып, чыйрыгат. Башы сынып кетчүдөй ооругандыктан, чыдабай кыйкырганга чейин барат. Адам башын артка тартып ээгин ылдый кыла албай кыйналат. Тамакка табит жоголуп, жүрөк айланып, кусат. Алсыздык коштоп уйкуга тартылат. Жарыктан жүзүн ала качып калат.

Оор дартын уккан бейтап өксүп ыйлады. Хирургдун маеги
Адатта кичинекей баланы колго алсаң тынчып калат го, бул ооруда тескерисинче ыйлайт, жаткырып койсоң эс алып калат. Анткени кармаган жерлери оорута берет. Дарттын белгилери билингенде эле ооруканага келбесе, адам 1-2 күндө каза болуп калышы мүмкүн.

Илдет эмнеси менен коркунучтуу?

Ооруну жашырса өлүмгө алып келет. Бейтап канчалык эрте келсе дарылаганга ошончолук жакшы. Ооруга көңүл бурбай койсо кулактын начар угушуна, көздүн көрбөй калышына, ал гана эмес акылдын тайышына чейин алып келет.

Ооруну аныктоо үчүн жүлүндөн суу алынат

Так диагноз үчүн пункция жасалат. Пункция – шприц менен жүлүн суусун сордуруп алуу. Ал суюктук лабораторияда текшерилип, менингитти козгогучтардын бар-жогу аныкталат. Көп учурда ата-энелер баласынын жүлүнүнөн суу алдырганды каалашпайт. Эмнеге десең, "кой, балам көк мээ, келесоо" болуп калат деп коркушат. Пункция жасатуудан коркпош керек. Анткени пункция канчалык эрте жасалса, диагноз да эрте такталып, адам оору тереңдей электе дарылана баштайт. Аталган ыкма менен оору 1-1,5 саат аралыгында аныкталат. Мындан сырткары, кан жана тамактан мазок алуу жолу менен ооруну аныктоого мүмкүн. Бирок жыйынтыгы 3-5 күн аралыгында чыгат. Белгилей кетсем, менингит оорусу тукум куубайт.

Заведующий отделением нейроинфекции Республиканской инфекционной больницы Канатбек Исаков

Операциясы жок дарыланат

Оорулууга так диагноз коюлгандан кийин дары-дармектер сунушталат. Дарылануу 10 күн аралыгында жүргүзүлөт. Бейтап жатып дарылангандыктан ар дайым көзөмөлдө болууга тийиш. Менингитти айыктырууда операция жасалбайт.

Кеңседе иштегендер бөлмөнү желдетип турганы зарыл

Дарыгерлер үчүн ооруну дарылоо эмес, алдын алуу маанилүү. Узак убакыт жабык, желдетилбеген имаратта болуу, эл көп чогулган жерде жүрүү да менингитке чалдыгууга жол ачат. Өзгөчө кеңседе эртеден кечке иштегендер маал-маалы менен терезени ачып бөлмөнү желдетип турганы зарыл. Кыш бүтүп жаз келген маалда эл арасында беткап кийип жүрүү ашыктык кылбайт.

Ар бир 10-15 жылда бир менингиттин циклдик кайталануусу байкалат

Гепатит деген кандай оору? Билинбей жеген дарттын себептери жана дабасы
Саламаттык сактоо министрлигинин берген маалыматына ылайык, 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкө аймагында менингит оорусу 14 пайызга азайган, башкача айтканда, 2016-жылы бул оору менен ооругандардын саны 103 болсо, 2017-жылы 88ди түзгөн. Оорунун өсүшү башка аймактарга караганда Бишкекте (34 учур) жана Ош шаарында (20 учур) көбүрөөк катталган.

Ар бир 10-15 жылда бир циклдик кайталануу байкалат. Республиканын аймагында оорунун мындай катталышы 1980-жылы, 1997-жылы, 2006-жылы жана акыркы жолу 2013-жылдын аягында башталып 2015-жылга чейин созулган. 2016-жылдан баштап акырындык менен оорунун деңгээли төмөндөдү. Бүгүнкү күндө бардык облустарда, шаарларда эпидемиологиялык абал туруктуу.