Депутаттар жөө жүргөндөн уялар-уялбасын айтып беришти. Пикирлер

Жогорку Кеңештин жөө жүргөн депутаттары коомдук транспортто жүргөндөн кандай абалда болорун Sputnik Кыргызстанга айтып беришти.
Sputnik

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Бүгүн Жогорку Кеңештин пленардык жыйыны учурунда депутат Камчыбек Жолдошбаев өзү автоунаа менен жүргөнү үчүн коомдук транспортто жүргөн кесиптештеринин алдында уялганын айткан.

Топ-10. Кыргызстандын эң көп айлык алган депутаттары
Ал эми ЖКнын маалымат кызматынын жетекчиси коомдук транспортто жүргөн бир катар кесиптештерин санап, ал тургай кээ бирлери ар кыл окуяларга кабыларын айтып, "машруткадагы окуялары өзүнчө эле анекдот" деп жазган.

Sputnik Кыргызстан коомдук транспортто жүргөн айрым эл өкүлдөрүн кепке тартты.

КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева муну менен сыймыктанбай да, уялбай да турганын айтты.

Депутат ЖК Аида Касымалиева

"Коомдук транспортто жүргөнүмө уялбайм деле, сыймыктанбайм дагы. Бул кадыресе эле көрүнүш. Эгерде менин үйүмдөн жумушка чейин маршрутка жүрсө түшөт элем. Андай болбогону үчүн күнүгө такси менен барууга туура келет. Жолдошбаевди мен сындайм, антип уялбай эле койсун. Биз эч нерсе болбой, уялбай эле жакшынакай жүрөбүз. Негизи коомдук транспортту өнүктүрүү керек. Маселен, мен жайында велосипед менен ишке келейин десем, шарт жок, кооптуу. Мындай көрүнүш депутаттарга болгон жек көрүүнү жоймок. Чоң-чоң жолтандабастарда жүрө бербей, чаканын караганы зарыл го. Аткаминерлерде жөнөкйлүк деген болушу керек", — деди Касымалиева.

КСДПнын дагы бир депутаты Карамат Орозова мурда деле, эми деле маршрутка менен жүрөрүн айтты.

Депутат от фракции СДПК Карамат Орозова

"Коомдук транспортто жүргөндөн уялбайм. Маршруткалар менен мурда деле жүрчүмүн, азыр деле түшө берем. Камчыбек Жолдошбаев кызматтык милдетти аткарууда кызматтык унаанын зарылдыгын айтайын деп, жеткиликтүү кылып түшүндүрүп бере албай калды. Бирок анын эч уяты жок", — деди ал.

Жөө жүргөндөрдүн катарын толуктаган депутат айым Альфия Самигулина аял депутаттарга кызматтык автоунаа керек эле деген пикирде.

Депутат Альфия Самигуллина

"Эгерде жумушка эле барып келген болсоң, коомдук транспорт менен жүрүүгө болот. Бирок бир күндө үч-төрт жолугушуу болуп кеткенде кыйын эле болуп калат. Кызматтык автоунааларды жойгондо, менин пикиримде, аял депутаттардыкын калтырып коюш керек эле. Албетте, кээ бир себептерден улам коомдук транспортто кыйын деле болуп кетет", — деди Самигулина.

Депутат Наталья Никитенконун да жеке унаасы жок болгондуктан маршрутка жана троллейбус менен жүрөт. Бул эл өкүлү үчүн кадыресе көрүнүш.

Депутат Наталья Никитенко

"Шашканда такси чакырам. Уялмак тургай, муну туура нерсе деп эсептейм. Негизи бийлик өкүлдөрү, чиновниктер коомдук транспорт менен көбүрөөк жүрүшү керек, бул элге жакындатат", — деди Никитенко.

Үрүп чыгар ити жок депутаттар. Тизме
Ал эми Евгения Строкова элдин көпчүлүгү коомдук транспорт менен жүрсө эмнеден уламак элем дейт.

"Бирок жолугушууларга барганда кыйынчылык туудурат. Кээде жетишпей каласың, айрым учурда таксиге акча жок болуп калат. Ар кандай болот да. Такси чакырууга мүмкүн болбой калган учурлар да кездешет", — деди депутат.

ЖКнын маалымат кызматы жөө жүргөн депутат аялдардын бир катарларынын тизмесин жарыялап, Карамат Орозова, Евгения Строкова, Аида Касымалиева, Альфия Самигулинаны айткан.