Исаков: азыркы тарифтер менен алыска бара албайбыз

Өкмөт башчы энергетика тармагынын мойнунда миллиарддаган карыздар илинип тургандыктан реформа жөнүндө ойлонууга убакыт келгенин белгиледи
Sputnik

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков тарифтерди жогорулатууну колдобой турганын, бирок ошентсе да реформа жүргүзүү керектигин айтты.

Учурда өкмөт башчы парламентке келип, эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатат.

Премьер эртеби-кечпи тарифтерге реформа жүргүзүү маселеси көтөрүлөрүн билдирди.

ТЭЦти жаңылаган кытайлык TBEA ишканасы тууралуу 7 факты
"Эгер азыркы тарифтерди өзгөртпөстөн калтыра турган болсок, кырдаал ого бетер начарлайт. Бул күн анализ жасап, ойлонуу үчүн бардыгыбызга мүмкүнчүлүк берип жатат. Дүйнө жүзү ТЭЦи жок эле жашап, ар бир адам үйүн өзү жылытат. Реформа жүргүзүү зарылдыгы курч. Биздин энергетикалык ААКлар өмүр бою карыз болуп жүрө береби? Анысы да 100 миллиард сомдук карыз бар. Эгер карыздар мындан ары дагы өсө турган болсо, трансформаторлор бузулуп, көйгөйлөр курчуйт", — деди Исаков.

Жогорку Кеңештеги ТЭЦ маселеси боюнча жыйындын тексттик трансляциясын Sputnik Кыргызстан агенттигинен окуп, түз алып берүүдөн жыйынды көрө аласыздар.

Белгилей кетсек, 26-январдын кечинде көп кабаттуу үйлөрдөгү батареялар муздап баштаганын тургундар социалдык тармактарга жазышкан. Кийин Бишкек ТЭЦиндеги эски буу казандарга суу берген куур жарылганы белгилүү болгон. Кырсыктын кесепеттери 30-январда гана жөнгө салынып, шаардыктардын үйүнө жылуулук берүү калыбына келе баштаган.