Социалдык кызматкерлер жалгыз жашаган карылардан кабар алууда

Кыргызгидромет 26-29-январда өлкөдө катуу суук болорун эскертип, Бишкетин түндүк бөлүгүндө суук 30 градуска жетери айтылган
Sputnik

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Күн сууктагандан бери Бишкек шаары боюнча социалдык өнүгүү башкамарлыгынын каттоосунда турган жалгыз жашаган 646 кары адамдан 84 социалдык кызматкер кабар алып турганын Эмгек, социалдык өнүгүү министрлигини маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле пенсионерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, "Ардагер" үйүнө жиберүү сунушталган, бирок алар баш тарткан.

Маалыматка ылайык, Биринчи Май районунда 162 киши, Свердлов районунда 174, Октябрь районунда 157, Ленин районунда 153 кары адам бар.

"Ардагерлер, балдар жана селсаяктар үчүн социалдык имараттардын жылуулугу ушу тапта 18-25 градусту түзүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Бишкекте кайсы үйлөргө жарык берүү үчүн оңдоо иштери жүрүп жатат. Тизме
Ошондой эле башкалардын жардамына муктаж болуп жашаган жалгыз бой 184 пенсионерге күнүнө бир маал тамак жеткирилип турган.

Белгилей кетсек, 26-январдын кечинде шаардыктар үйлөрүндөгү батареялар муздап баштаганын билдиришкен. Кийин Бишкек ТЭЦинде авария болгону маалым болуп, тийиштүү кызматтар кырдаалды 27-январда кечинде саат онго чейин жөнгө салынат деп сөз бергени менен ал ишке ашкан эмес. 30-январда түштөн кийин гана көп кабаттуу үйлөрдөгү батареялар ысый баштаганын тургундар социалдык тармактарга жазып башташты.