ӨКМ: "Ош" базарындагы өрт 8,5 сааттан кийин өчүрүлдү

Өрттү өчүрүүгө жалпы 12 унаа тартылып, саат 12:28де чектөөгө алынган болчу. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар болгон жок.
Sputnik

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Бейшеналиева менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Ош" базарындагы өрт саат 18.29да толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Ош" базарындагы ири өрт. Жеринен тартылган 15 сүрөт
Эске салсак, бүгүн эртең менен "Ош" базарындагы "Сейтек" кичи базарында өрт чыккан.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 12 унаа тартылып, саат 12:28де чектөөгө алынган. Кырсыктын кесепетинен 3500 миң чарчы метрлик аянт күйүп кетти. Жабыркагандар жок.

Тилсиз жоонун айынан соодагерлер миллиондогон каражаттарынан кол жууду.

Коюу түтүн каптап, жандалбастаган соодагерлердин видеосун Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган видео материалдан көрүңүздөр.