Бишкекте үйлөрдүн батареялары жылый баштады

Бүгүн таңкы саат 4:40да Бишкек ТЭЦиндеги №3 блок ишке кирген
Sputnik

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Бишкектеги бир катар кичи райондордун тургундары Sputnik Кыргызстан агенттигинин Telegram тиркемесиндеги "Бишкек сегодня" тобуна үйлөрдөгү батареялар акырындык менен жылый баштаганын жазышууда.

Үшүк алган өсүмдүктөр, муз тоңгон жалбырак, жарылган түтүк. Ботаникалык бактан видео
6-кичи райондун тургуну батарея 30 градуска ысыганын айтса, "Туңгуч", "Чыгыш-5" кичи райондору, Чыңгыз Айтматов проспектиси, Токтоналиев, Москва, Гоголь жана башка көчөлөрдөгү көп кабаттуу үйдүн тургундары дагы батареялар жылып жатканын айтышты.

Белгилей кетсек, бүгүн таңкы саат 4:40да Бишкек ТЭЦиндеги №3 блок ишке киргенин "Улуттук энергохолдинг компаниясы" ААКнын маалымат кызматы кабарлаган. Ага ылайык жаңы блок 150 МВт энергияны иштеп чыгып, +88 градуска чейин жылуулук берери айтылган. 29-январда системага суу толтуруу аракеттери башталган болчу.