Таш-Көмүр жана Кара-Балта шаардык кеңештерине өткөн шайлоонун алгачкы жыйынтыгы чыкты

Шайлоо жекшемби күнү өттү
Sputnik

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Таш-Көмүр жана Кара-Балта шаардык кеңештерине өткөн шайлоонун алдын ала жыйынтыгын жарыялады.

Эскерте кетсек, жергиликтүү кеңештерге шайлоо 28-январь күнү өткөн.

Автоматтык эсептөөчү урналардын чыгарган жыйынтыгына ылайык, Кара-Балта шаарында 14 722 адам (60,39 пайыз) добуш берген. Ат салышкан саясий партиялар төмөнкүдөй добушка ээ болду:

"Жакшылык — Добро" — 73;

"Кыргызстан элдеринин шериктештиги" — 304;

"Мекеним Кыргызстан" — 2 910 (7 мандат);

"Өнүгүү — Прогресс" — 376;

"Республика" — 531;

КСДП — 4 854 (12 мандат);

"ЭлАман" — 3 074 (7 мандат);

"Элдик — Народная" — 2 305 (5 мандат);

баарына каршы — 152;

жараксыз болгон бюллетень — 143.

Ал эми Таш-Көмүр шаардык кеңешине болгон шайлоонун жыйынтыгы төмөнкүдөй болду:

"Ата-Журт мекенчил партиясы" — 1 294 (4 мандат);

"Бүтүн Кыргызстан" — 359;

"Мекеним Кыргызстан" — 3 202 (10 мандат);

"Өнүгүү — Прогресс" — 1 097 (4 мандат);

КСДП — 2 608 (9 мандат);

"Таш-Көмүр жаштары" — 1 186 (4 мандат);

"Улуу көч" — 683;

баарына каршы — 43;

жараксыз болгон бюллетень — 89.

Мындан тышкары, 28-январь күнү Ак-Таш, Кажы-Сай жана Тоголок Молдо айылдык кеңештерге шайлоо өттү.