Сот Салянованын ишин кароону сууктан улам кийинкиге жылдыруу өтүнүчүн четке какты

Ленин райондук соту Салянованы беш жылга эркинен ажыратуу жөнүндө өкүм чыгарган
Sputnik

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Аида Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекова сот ишин сууктан улам кийинкиге жылдырууну суранды. Бирок сот сунушту "баарыбыз эле үшүп жатабыз" деп четке какты.

Эл өкүлүнүн иши Бишкек шаардык сотунда каралууда.

Белгилей кетсек, Салянованын соту ал ооруп жатканына байланыштуу бир нече ирет жылдырылган.

Ооруп калдым! Соттолуп жаткан саясатчылар эмне дартка чалдыгат
Бүгүнкү сот ишине айыпталып жаткан эл өкүлү катышып жатат.

Депутат юстиция министринин милдетин аткарып турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын калыбына келтирип берген деп айыпталууда.

2017-жылы 10-октябрда Ленин райондук соту Аида Салянованы мүлкүн камакка алуу менен беш жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Бирок депутаттын 2015-жылы төрөлгөн баласы 14 жашка чыкканча чечимдин мөөнөтү жылдырылган.