Кыргызстандык Муртазалиев жиу-житсу боюнча Азия континентинин чемпиону болду. Сүрөт

Абдурахманхаджи Муртазалиев 2018-жылдын эсебинен биринчи жеңишине ээ болду
Sputnik

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Абдурахманхаджи Муртазалиев жиу-житсу боюнча Азия континентинин ачык чемпионатында чемпион аталды. Бул маалыматты Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине спортчу өзү тастыктады.

Акча табылды! Мушкер Нуралыны Азия оюндарынын тандоо туруна айылдаштары жибермекчи
Мелдеш 27-28-январда Монголиянын Улан-Батор шаарында өткөн. Анда кыргызстандык спортчу россиялык жана монголиялык балбандарды утуп, жеңишке жеткен.

Муну менен Муртазалиев 2018-жылдын эсебинен биринчи жеңишин камсыздап жатат.

Ал жиу-житсу боюнча Азия жана дүйнө чемпиону, КРдин бир нече жолу биринчилигин багындырган. Былтыр төрт жылда бир өтө турган Азия оюндарында алтын медаль тагынган.