"Түндүкэлектр": электр энергиясын жеткирүүдө көйгөй жок

Эртең менен Бишкек шаары жана Чүй облусунун бир катар аймактарында электр жарыгы өчкөн
Sputnik

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. "Түндүкэлектр" ишкасынын Бишкек, Чүй жана Талас облустарындагы бөлүштүрүүчү тармактары кадимки режимде иштеп жатканын компаниянын маалымат кызматы билдирди.

Саат 9:00гө карата жогорку чыңалуудагы электр зымдарында Бишкек шаары, Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорундагы төрт фидерде кыска мөөнөткө өчүү болгон.

"Түндүкэлектр" кошумча жабдыктарды жана атайын техникаларды даярдаган. Андан сырткары, электрмонтерлордун 76 ыкчам бригадасы бар.

Бишкек ТЭЦтеги авария. Учурда эмне болуп жатат
Чыңалууну жана жабдыктардын иштен чыгуусуна алып келбөө үчүн компания колдонуучуларды электр энергиясын саат 8:00-9:00 жана 19:00-22:00дө үнөмдөөгө чакырып, альтернативдүү жылуулук булагын колдонууга чакырат.

26-январда "Электр станциялары" ААКтын маалымат кызматы саат 18:00дө Бишкек ТЭЦиндеги чыңалуу эски казан мештерге суу берүүчү жабдыктын иштен чыгышынан улам 340тан 154 мегаваттка чейин азайтылганын билдирген.

Келтирилген ыңгайсыздык бир нече сааттын ичинде чечилери айтылганы менен 27-январда эртең менен компаниянын маалымат кызматы ал дагы деле жөнгө салына электигин маалымдады.

Көп кабаттуу үйдө жашаган шаар тургундары батирлер суук болуп жатканын айтышууда.