ТЭЦтеги авария боюнча маалымат жыйын аяктады

Бишкек ТЭЦинде болгон авария боюнча маалымат жыйыны өтүүдө
Sputnik

Бишкек ТЭЦтеги авария. Учурда эмне болуп жатат
Журналисттерге Бишкек мэри Албек Ибраимов, Улуттук энерго Холдинг компаниясынын башчысы Айбек Калиев, Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев жана башка жооптуу кишилер маалымат беришет.

26-январда "Электр станциялары" ААКтын маалымат кызматы саат 18:00дө Бишкек ТЭЦиндеги чыңалуу эски казан мештерге суу берүүчү жабдыктын иштен чыгышынан улам 340тан 154 мегаваттка чейин азайтылган.

"Электр станцияларынын" маалымат кызматы 26-январда кечинде болгон авария 27-январдын таңында да жөнгө салына электигин маалымдады.