Аталган оюнга Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары да күбө болуп келди.
Аламан улак өткөрүп жаткандар Оштун Алай районунан болушат. Той ээсинин уулу Акыл Рахматов оюнга өлкөнүн ар тарабынан атактуу улакчылар келгенин айтты.
"Бүгүнкү маарекеге коноктор жер-жерлерден келип жатышат. Коюлган байгелер чекесинен өз ээсин табууда. Оюн кызыгына келип калды. Атабыздын эмгегин баалап, элден бата алалы деп өткөрүп жатабыз. Ал эми өзүбүз учурда Бишкекте соода-сатык менен алектенебиз", — деди Рахматов.
Оюндун калысы микрофон менен тигиге-буга ашыр соорун аласың деп кыйкырып жатты. Ал арада алыскы Алайдын Коорул айылынан келген Эген аттуу улакчы такымга баскан торпокту ашырып берип бир төө утуп алды. Аны кепке тартканыбызда улактан уткан байгелеринин эсеби жок экенин айтып таң калтырды.
"Мен 25 жылдан бери улак чабам. Буга чейин беш-алты машина уткам. Ал эми төө, тайлардын эсебин деле билбей калдым. Атайын ушул аламан улакка катышуу үчүн Алайдан бери келип отурам. Той ээлерине рахмат!" — деди улакчы.
Кыргыздар эгин жыйнап, малын короого киргизгенден кийин кыш мезгилинде улак тартып ойногон. Айылдагы тойлор улак тартыш менен коштолуп келген. Балалуу болгондо, кийин сүннөткө отургузганда да ойнолгон. Учурда аламан улак Кыргызстандын түштүк регионунда көп уюштурулуп келет. Айыл-айыл болуп шерине сыяктуу өткөрүп жатышканы да белгилүү.