Бишкек ТЭЦтеги көйгөйлөр жоюла элек. Тургундар нааразы болушууда

Техникалык көйгөйлөр 26-январда кечке жуук пайда болгон
Sputnik

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Бишкек ТЭЦтеги көйгөй азырынча жоюла элек. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева социалдык тармакка жазып чыкты.

Дем алыш күндөрү сууктун күчү кандай болот
26-январда "Электр станциялары" ишканасы саат 18.00дө Бишкек ТЭЦтин айрым жабдыктары убактылуу иштен чыккандыктан кубаты 340дан 154 мегаваттка төмөндөгөнүн кабарлашкан.

Жарандар Sputnik Кыргызстан агенттигинин Telegram тиркемесиндеги "Бишкек сегодня" тобуна нааразычылыктарын билдиришүүдө. Көбүнчө 10-11-кичи райондордун жана "Чыгыш-5" кичи районунун айрым борбордук көчөлөрүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары батирлери суук болуп жатканын айтышууда.

Ведомствонун маалымат кызматы билдиргендей, 27-январь күнү эртең менен техникалык көйгөйлөр жоюлган эмес.

"Электр кубаттуулугу 180 МВт. Адистер кечээ саат 18.00дөн тарта көйгөйдү жоюнун үстүндө иштеп жатышат. ГЭСтен иштелип чыккан электр энергиясы өлкөнүн түндүк тарабын толук камсыздаган. Учурда Бишкектеги жылуулук маселеси чечилүүдө", — деп ишканадан билдиришти.

Кечээ, 26-январда компания жылуулук тармагын бир нече сааттын ичинде өз калыбына келтирерин маалымдаган.