Жылуулук берилди! Бишкек ТЭЦ системасынын иши жөнгө салынды

ТЭЦтеги авария 26-январда саат 18.00дө болгон
Sputnik

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Бишкек ТЭЦинин системасы калабына келтирилгенин премьер-министр Сапар Исаковдун кеңешчиси Гүлнур Төралиева социалдык тармакка жазды.

Ал алгач өкмөт башчы ТЭЦке барганын жарыялап, ошол эле постунун алдына система жөнгө салынганы тууралуу комментарий жазган.

"Система калыбына келди. Эми этап-этабы менен бир сутканын ичинде үйлөрдүн бардыгына жылуулук берилет", — деп жазды Төралиева.

Жылуулук бериле баштаганын Бишкектин ар кайсы райондорунда жашаган тургундар Sputnik Кыргызстан агенттигинин Telegram тобуна дагы жазышууда.

Суукта балдар жана төрөт үйлөрү кантти? Учурдагы абал
Ал эми энергетикалык уюмдар комментарий алуу үчүн жеткиликтүү болбой жатат.

Белгилей кетсек, 26-январда кечки саат 18:00дө Бишкек ТЭЦинин эски буу казандарына суу берген куур иштен чыгып, кубаттуулугу 340тан 154 мегаваттка чейин азайтылган болчу. Тийиштүү органдын өкүлдөрү авария бүгүн кечки саат 22:00гө чейин жолго коюлат деп ишендиришкен.

ТЭЦтеги авариядан улам Бишкек шаарындагы абал боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар