Намыска жарашты! Жолчубеков менен Сулайманов Ирандагы турнирде алтын медаль утту

"Takhti Cup-2018" турниринде жалпысынан медалдын 10 комплектиси ойнотулуп жатат
Sputnik

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Кыргызстандык балбандар Каныбек Жолчубеков жана Калы Сулайманов Иранда өткөн грек-рим күрөшү боюнча эл аралык "Takhti Cup-2018" турниринде алтын медаль тагынышты. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк күрөш федерациясынын расмий сайтында жарыяланды. 

1 / 2
Кыргызстандык балбандар Каныбек Жолчубеков жана Калы Сулайманов Иранда өткөн грек-рим күрөшү боюнча эл аралык "Takhti Cup-2018" турниринде алтын медаль тагынышты.
2 / 2
Турнир 25-январда Ирандын Бендер-Мехшехр шаарында башталып, бүгүн жыйынтыкталат.

Турнир 25-январда Ирандын Бендер-Мехшехр шаарында башталып, бүгүн жыйынтыкталат. 

ТОП-15. Килем үстүнөн жолугабыз! Учурдун болуп-толуп турган балбандары ким?
Жолчубеков мелдештин жарым финалында казакстандык Дастан Жарлыхановду 11:1 эсебинде утуп, финалда ирандык балбан Мехрдад Марданини 6:0 эсебинде жеңип, алтынды эңип кетти. Жолчубеков 60 килограмм салмак ченинде күч сынашат.

Ушул эле мелдештин жарым финалында Калы Сулайманов ирандык Мохаммад Нурбакшини 3:0 эсебинде утуп, чечүүчү беттеште казакстандык Кудайберген Турсуновду 7:2 эсебинде жер каратып, алтын тагынды. Сулайманов 63 килограмм салмак ченинде килемге чыккан.

Аталган турнирде жалпысынан медалдын 10 комплектичи ойнотулду.