Темир Жумакадыров каза тапкан жол кырсыгы боюнча сот башталды

Материалдар сотко 8-январда жөнөтүлгөн
Sputnik

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Чүй облусунун Москва райондук соту вице-премьер Темир Жумакадыров каза тапкан жол кырсыгы боюнча ишти карай баштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы сот залынан билдирди.

Кошкула, жакшылар! 40тын кырында дүйнө менен кош айтышкандардан тарта...
ИИМдин башкы тергөө башкармалыгы 8-январда ишти сотко өткөрүп берген. Аны сот Нурлан Ажыбеков карап жатат. Айыпталуучу 26 жаштагы Афтандил Таалайбек уулу күнөөлүү экенин мойнуна алган.

Жумакадыров өткөн жылдын 7-октябрь күнү Москва районунун Садовое айылында жол кырсыгынан улам көз жумган. Ал кырсыктан вице-премьердин жардамчысы жана айдоочусу каза тапкан.

Кийин Жумакадыров бара жаткан жолтандабас менен сүзүшкөн КамАЗ унаасынын айдоочусу камакка алынган.