Катуу сууктан улам Ысык-Көл тоңо баштадыбы? Видео

Кыргызстанда аба ырайынын кескин суукташы күтүлүүдө
Sputnik

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Ысык-Көл ызгаардуу сууктан улам тоңуп, толкундар жээкке муз бүркүп жатканы тартылган видеону Facebook тармагынын колдонуучусу WhatsApp каналдарынын биринен алганын айтып жүктөдү. 

Колдонуучу видео көлдүн түштүк жээгинде тартылды деп жазган.

Кадрда тоңо баштаган көлгө суу куюлуп жатканы көрүнүп турат. Жергиликтүү тургундардын айтымына караганда, көл негизинен тоңбойт, бирок акыркы күндөрү жээкте муздар пайда боло баштады.

Ошол эле колдонуучу көлдүн түндүк жээгинде Григорьевка — Пристань айылынын тургуну тарткан видеону дагы жүктөгөн. 

Ал жерде көлгө Ак-Суу суусу куят. Тоодон түшкөн суу муз агыза келип жатканы гана болбосо, жээкте тоңгон масса байкалбайт.

Ызгаар сууктан улам интернет жана байланыш тармактары иштебей калуу коркунучу бар
Кыргызгидрометтин метеорологиялык божомол бөлүмүнүн башчысы Махбуба Касымованын айтымында, Ысык-Көлдө 25-январга чейин абанын дагы, суунун дагы температурасы көл тоңуп калгыдай муздабаганын билдирди.

Ошондой эле Кыргызгидрометтен бул видео Казакстандын Балкаш көлүндө тартылышы мүмкүн экендигин кошумчалашты.

Белгилей кетсек, Кыргызгидромет Кыргызстанда 26-январдан 29-январга чейин кескин суук болорун маалымдагандыктан, ӨКМ сууктан сактануунун жол-жоболорун айтып берди.