Өзбекстан Актөбөдөгү 52 киши күйүп кеткен кырсыктын себеби боюнча өз версиясын айтты

18-январда Казакстандын Актөбө облусунда "Икарус" үлгүсүндөгү автобус жүрүп баратып күйүп кеткен. 57 кишинин бешөө гана аман калган
Sputnik

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Өзбекстандын өкмөтү Казакстанда автобус эмнеден улам күйүп кетиши мүмкүндүгүн жарыялаган токтомун чыгарганын РИА Новости агенттиги билдирди.

Ага ылайык, автобус техникалык мүчүлүштүктөн улам күйүп кетиши ыктымал. Андан сырткары, унаанын жылытуучу жабдыгы болбогону, коопсуздук эрежесин сактабагандык, көп кишини салып алуу, жүк салуучу бөлүктү тосуп салуу жана өрткө каршы жабдыктардын иштен чыгышы да себеп болушу мүмкүн экени айтылат.

Мирзиёев Актөбөдөгү 52 киши өрттөнүп кеткен кырсыкка эмне себепкер болгонун айтты
Өлкө бийлиги автоунаа менен чет жакка кетип жаткан жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн республикалык комиссия түздү, аны биринчи вице-премьер Ачилбай Раматов жетектейт.

1-февралдан тарта Өзбекстандын жол кыймылы коопсуздугу мамлекеттик кызматы менен ИИМдин өрткө каршы күрөшүү кызматы элди чет жакка ташыган автобус менен кичи автобустардын техникалык абалын текшерет.

Ал эми расмий Астана кырсык кокустуктан улам келип чыкканын билдирген.

Каргашалуу окуя 18-январь күнү Актөбө облусунун Самара — Шымкент унаа жолунда "Икарус" үлгүсүндөгү автобус жүрүп бара жаткан жеринен өрттөнүп,  57 кишинин бешөө гана аман калган.

Кырсыктын видеосун Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан көрүңүз>>