Казакстан Таласта ардактуу консулдугун ачты. Аны Сабырбек Жумабеков жетектейт

Кыргызстандык белгилүү дарыгер-ортопед, академик Сабырбек Жумабеков 2014-жылдан бери Казакстандын Таластагы ардактуу консулу
Sputnik

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Казакстан Талас облусунда ардактуу консулдугунун кеңсеси Талас шаарында ачылды. Бул туурасында Казакстан ТИМи билдирди.

Кыргызстандын чет өлкөдөгү элчиликтери сүрөттө
Кыргызстандык белгилүү дарыгер-ортопед, академик Сабырбек Жумабеков 2014-жылдан бери Казакстандын Таластагы ардактуу консулу болуп келет.

Сабырбек Жумабеков Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жетекчиси. 450дөн ашык илимий иштин автору. 100дөн ашык илимий ачылыштарды жасаган дарыгер.

Ортопед Сабырбек Жумабеков тууралуу 10 фактыны Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>